super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жолдошуңуздун өзү жалгыз тойго, кечеге барышына кандай карайсыз?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жолдошуңуздун өзү жалгыз тойго, кечеге барышына көз карашыңыз" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эч кандай деле жаман акыбалда калбайм. Дайыма эле ээрчишип жүрө бермек белек? Кырдаалга жараша болот. Мисалы, мен көбүнчө бала менен үйдө болом. Себеби балдарым майда, анан да бири-бирибизге ишенебиз".

"Мен барбайм десем болбой өзү ээрчитип жөнөйт, "өзүң эле бара берчи" деп какшап отуруп акыры өзүм кошо жөнөйм. Аяштарым болсо "катуу кармабайсыңбы, баланча менен, түкүнчө менен жүрөт" деп калышат".

"Жолдошум тойлорго 4-5 жолу жалгыз барды окшойт. Келгенде "кандай отурдуңар?" деп сурайм, болду, ошол менен той жөнүндө сөз болбойт. Күйөөмдүн мүнөзү ачык-айрым, бирөөлөр менен бийлеши мүмкүн, бирок мен 500 пайыз ишенем ага".

"Мен өзүмдүн маанайыма карап барам же жок. Көбүнчө барбайм, баргым келбейт. Кээде аябай даярданып, бир саат ичинде деле көңүлүмө бир нерсе туура келбей калса, барбай коё берем".

"Ал адамга өзүмдөй ишенгендиктенби, айтор той-топурга, досторунун тойлоруна өзүн эле жөнөтөм. Ал дагы бийлебейт, мен дагы. Экөөбүз той ортолоп калганда тынчтыкты сүйгөн жаныбыз ээрчишип келе беребиз".

"Жалгыз кетсе бир башкача болом кызганып. Бирок билдирбейм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.11.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын неси бар экен ошондой учур көп эле болот бизде .Жалгыз барса бир нерсе болуп кетеби.
08.11.2017. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээрчишип колтукташып барганга эмне жетсин
08.11.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бара берсин..эч жамандыгы жок
08.11.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жолдошум кобунчо жалгыз кетет. Мен балдарымды карап уйдо калам. Аяшкаларым баары эрчип чыгышат, менден да сурашат неге келбейсин деп. Тойдо достору созго чыкканда да жанында туруп алышат
08.11.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тируулукто чогуу болгула .Жалгыз калганда билесинер же сагынасынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: