Кыргызда Орто Азия жана Чыгыш Европага салыштырмалуу тестиер балдар кара жумушка көп иштетилери айтылды
Кыргызда Орто Азия жана Чыгыш Европага салыштырмалуу тестиер балдар кара жумушка көп иштетилет. Бул тууралуу эл аралык эмгек уюмунун "Бизнес биримдик менен диалог: бизнес стратегиясында жашы жете элек балдарды иштетүүнү алдын алуу" аттуу иш-чаранын алкагында айтылды.
Статистикада айтылгандай, Кыргыз өлкөсүндө 5 жаштан 17 жашка чейинки балдардын 27,8 пайызы алардын курагына туура келбеген, өсүүсүнө жолтоо болгон иштер менен алектенишет.
Ошондой эле Кыргызда балдарды коргоодо жакшы практикалык иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленген. Бирок айыл-чарба, туризм, соода-сатык, курулуш жана өндүрүш тармагында өспүрүм балдарды ишке тартуу болуп келгени кошумчаланган. Андан сырткары тестиер балдарды эмгек иштерине пайдалануунун алдын алуу жолдорунун 2030-жылга чейинки стратегиясы талкууланды.


Ата-энесине уй-тиричилине жардам берген балдар тууралуу соз болуп жаткан жок адашпасам, эл кылган катардагы жумушту аткаргандар тууралуу...