super.kg logo

Кытай элчилигиндеги жардырууга айыпталган жарандын жубайы: "Таксист катары 1000 доллар алып барып бергени үчүн күйөөмдү 10 жылга соттоп жиберишти"

 

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууга айыпталып, соттолгондордун жакындары жана жактоочусу маалымат жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө 10 жылга эркинен ажыратылган Хикматилло Абдулажановдун жубайы Танзиля Апишева күйөөсүнүн элчиликтеги жардырууга эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Менин жолдошум Хикматилло Абдулажанов дыйканчылык менен эле алектенчү. Кээде таксист катары Бишкекке каттап жүргөн. Ошол учурда Күназим Мансирова ага 1000 доллар берип, Бишкекке жеткирип коюшун өтүнгөн. Абдулажанов акча бере турган адамдын ким экенин билген эмес. Болгону 1000 долларды алып барып берген. Ошол үчүн 10 жылга соттолуп кетти. Таксистти террорист деп 10 жылга кесип ийиш туура эмес да. 9 балам бар. Аларга татыктуу тарбия бериш керек”, - деди Танзиля Апишева.

Айта кетсек, 2016-жылы 30-август күнү Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жан кечти-террорчу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган. УКМК жардырууга буйрутма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирип, 5 адамды камакка алган. Ошондой эле 4 адам издөөгө алынган.

27-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелгендерге карата өкүм чыгарып, Хасамидин Исмаиловду 18 жылга, Хикматилло Абдулажановду 10 жылга жана Күназим Мансированы 10 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
08.11.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
50 жыл бериш керек
08.11.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
1 аялынан 9 бала бар болсо кыйын булар , бизде 2 аялынан 2 3 балагоо
08.11.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ким азыр акчаны таксиден берет банктан эле котрот жомокту айтпагылачы
08.11.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул аялдын козу башкача экен,азыр бир тууганын деле бербейт акчаны, берип койчу деп
08.11.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне аттарын озгорткон кыргыздарбы же озбектерби ?
08.11.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Freemankg,уйгурлар болушу мумкун
08.11.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тиешеси бар учун кесилди да
08.11.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таксист катары 1000 доллар алып барса кайта келе бербейби анда сузуп кирбей элчиликке. Жаман алып качат да ушуларчы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: