super.kg logo

Мөңгүлөрдү коргоо митингинин өкүлдөрү Ак Үйгө кирип чыгышты

 

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өтүүдө. Учурда жалпысынан 100гө жакын адам катышууда. Алар "Мөңгүдөн колуңарды тарткыла!", "Мөңгүнү сакта!" деп кыйкырып жатышат.

Анын жүрүшүндө митингдин 2 катышуучусу Ак Үйгө кирип чыгып, айрым депутаттар президенттин жана өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугушканын айтып беришти. Алардын бири Рита Карасартова мөңгүлөр тууралуу мыйзам долбоору бул аптада парламентте каралбай турганын билдирди. Анын айтымында, келе жаткан жума күнү өкмөттүн демилгеси менен Бишкекте мөңгүлөр маселесине арналган тегерек стол өтмөкчү. Буга байланыштуу ал жумушчу топ түзүү керектигин баса белгиледи.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин тармактык комитети мөңгүлөрдү талкалоого жол берген мыйзам долбоорун 3-окууда жактырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.11.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошэнтип алдап койкштуда эх суукуйдулар
08.11.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул эле калды эле жок кылбаган!Депутаттар креслосунан айрылбайын деп эле жогору жактан эмне дешсе макул дей беришет окшойт!Жок дешсе камалабыз дешеби.Президент деген нерсе кетеринде жакшы иш кылып кетсе болмок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: