super.kg logo
  Саясат  

Темирбек Асанбеков: "Суу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр терс экологиялык кесепеттерге алып келет"

 

“Мекен ынтымагы” саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Суу кодексине кирип жаткан өзгөртүүлөр боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылуу жолдоду.

Асанбеков кайрылуусунда кодекске болгон өзгөртүүлөрдү токтотууну жана “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамды толугу менен кайра карап чыгууну өтүндү.

Суу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр терс экологиялык кесепеттерге алып келет. Анткени түбөлүк мөңгүлөрдүн сакталышын бузууга инцидент түзүп жатат. Бул Орто Азиянын бардык аймагына таасир этет. Жаратылышты талкалоонун таасири келечекте экологиялык катастрофага алып келери анык. Экологдордун илимий корутундуларын, ошондой эле жарандардын социалдык түйүндөрдө билдирип жаткан талаптарына көңүл бурбай коюуга болбойт. Болбосо, эртели кеч калктын ачык айтып жаткан талаптары саясий нааразычылыктарга алып келет”, - деди Асанбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: