super.kg logo

Чек ара кызматы Кыргыз-Казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын тыгыны азайышынын себебин айтты

 

Кыргыз-Казак чек арасындагы фуралардын тыгыны азайды. Учурда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда 50гө жакын, Талас облусундагы "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда 70тей оор жүк ташуучу унаа токтоп турат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 8-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Салкын Абдыкарыева кабарлады. Анын белгилешинче, жарандар өтүүчү өткөрмө пункттарда тыгын жок.

"Эки мамлекеттин ортосунда төрт өткөрмө пункт бар. Экөө оор жүк алып өтүү үчүн болсо, экөө жарандардын каттамы үчүн. Ошондуктан азыр жарандардын каттаган үчүн кызмат кылган "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" өткөрмө пунктунда элдин тыгыны жок", - деди Абдыкарыева.

Ошондой эле Абдыкарыева буга чейин 350дөй оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны акыркы 5 күндө азайып кетишинин себебин түшүндүрдү. "Акыркы күндөрү кезекте турган унаалардын саны азайды. Буга чек арадагы абалга байланыштуу жүк ташыган унаалардын жүк ташыбай калганы жана Казакстан тарап бош унааларды тез аранын ичинде карап туруп эле өткөрүп жиберип жатканы себеп болду", - деди ал.

Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турган. Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Кечээ Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
08.11.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сдпкачылар Ашанарга аарыздангыла
08.11.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
алдай берет экен да азыр эле радиодон абал озгоргон жок деди го кимге ишенсе болот
08.11.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сдпкчыларды ошол жерге тизиш керек катарынан ошондо билишиет аташкасы нето кылганын
08.11.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бабанов куноолу нур агасына бара коюп шайлоонун алдын Шефтин жини келип суйлоп койду мындай дайыма эле шайлоолордо жабылып келген жаба берет
09.11.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын кечиримдуу болгону жакшы да Назарбаев акылдуу эле киши эми эмне анча катуу кетип элди кыйнап атат.Жолдон адамдарга зыян келтирчу ташты же бир нерсени четке алып койсон канчалаган сооп табасын.Эми кыргыз казак президенттери эмне таап атат?
09.11.2017. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АСЫЛ ОЙЛОР.
1. Эң акыйкаттуу жана таттуу өч алуу - бул кечирүү!
2. Ооруп турган жериңди эч кимге айтпа. Болбосо, дал ошол жериңе бычак урушат.
3. Туура жолду табуу үчүн, алгач адашуу керек.
4. Сабырдуу адамдын каарынан корк.
5. Дүйнөдө элдер көп, бирок "адамдар" аз.
6. Жашоодо сөзсүз тыныгуулар болуш керек. Жашооң бир калыпта өтүп, сен ааламды, аалам сени караган.
7. Жакшылык кылсаң унутуп кой, жакшылык алсаң эстей жүр.
8. Маек курууда эң
09.11.2017. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
башкысы, айтылбаган сөздү уга билүү керек.
9. Дүйнө сенин күлкүңдү эмес, сенин күлкүң дүйнөнү өзгөртчүдөй жаша!
10. Жашоодогу жакшы менен жамандын башталышы - кимдир бирөө, качандыр бир кезде, кимгедир жөн гана ишенгендиктен келип чыгат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: