super.kg logo

Кытай элчилигиндеги жардырууга айыпталгандардын жактоочусу тергөөнүн бир тараптуу гана жүргөнүн айтты

 

Кытай элчилигиндеги жардырууга айыпталгандардын жактоочусу Данияр Маманов бүгүн, 8-ноябрдагы маалымат жыйын учурунда тергөө бир тараптуу жүргөнүн айтты.

Мамановдун билдиришинче, анын жактоосундагы Хикматилло Абдулажановдун, Күназим Масированын жана Хасанидин Исмаиловдун жардырууга эч кандай тиешеси жок.

"Абдулажанов боюнча айтсам, ал унаасы менен Сузактан Бишкекке каттачу. Масирова аманат катары берген 1000 долларды жардыруунун уюштуруучусу делген Саттыбаевге алып барып берген. Бирок ал Саттыбаевдин ким экенин деле билген эмес. Масирова болсо Түркиядагы бир тууган сиңдисинин өтүнүчүн аткарган. Анын сиңдиси менен күйөө баласы Бурханидин Жантөрөев Стамбулда кафе иштетишет. Ошол кафенин ижарасы үчүн кимдир бирөөгө 1000 доллар карыз болуп калган. Ал карыз акчаны Масирова таап берген. Ал эми Хасанидин Исмаиловго "Саттыбаевдин өлкө аймагына киришине жардамдашкан" деп коюлган айып негизсиз", - деди Маманов.

Ошондой эле Саттыбаевге 5 миң доллар берген адамдардын иши кыскартылып, 1000 доллар берген адамдын соттолушу адилетсиз экенин билдирди.

"Саттыбаевге "Максым Ош" жана "Адал Тур" ишканалары аркылуу 5 миң доллар берилген. Ал акчага Мицубиси Делика үлгүсүндөгү унаа сатып алган. Ошол ишкананын кызматкерлеринин иши кыскартылган. Менин жактоомдогу айыпталуучулар деле алар сыяктуу аманатты берип жатышат да", - дейт жактоочусу Данияр Маманов.

Айта кетсек, 2016-жылы 30-август күнү Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жан кечти-террорчу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган. УКМК жардырууга буюртма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирип, 5 адамды камакка алган. Ошондой эле 4 адам издөөгө алынган.

27-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелгендерге карата өкүм чыгарып, Хасанидин Исмаиловду 18 жылга, Хикматилло Абдулажановду 10 жылга жана Күназим Мансированы 10 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: