super.kg logo

Тарыхчы: "Репрессия болгон 40 миң адамды эскерүү китебин чыгарабыз деген иш-аракеттер аягына чыкпады"

 

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаарында "Сталинизмдин жазыксыз курмандыктарынын элестери эстен кетпейт" аттуу 1937-1938-жылдардагы репрессия курмандыктарына арналган эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү. Анда Борбор Азия өлкөлөрүнөн 50дөн ашуун окумуштуулар, тарыхчылар жана саясат таануучулар катышты.

Жыйында окумуштуулар мындан ары КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы жана Кыргыздагы архивдик маалыматтардын негизинде сталиндик репрессияларга байланыштуу терең изилдөө жүргүзүүнү сунушташты.

Ош мамлекеттик университетинин Тарых факультетинин деканы Садык Смадияров жыйын тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Бүгүнкү илимий жыйындын темасы - бул Кыргыз тарыхындагы гана эмес, жалпы мурунку советтер союзунун аймагындагы республикалардын тарыхындагы орчундуу маселелердин бири. Советтер союзунун убагында бул маселеге эч кандай көңүл бурулбай келген, башкача айтканда, ошол кезде идеологиялык табуу болгон. Союз кулагандан кийин кайра куруу доорунан баштап бул маселе ачыкталып, көптөгөн биздин илимий инсандардын, мамлекеттүүлүгүбүзгө олуттуу салым кошкон адамдардын ысымдары жана алардын жасаган иштери илимпоздор тарабынан иликтенип бул багытта Кыргыз тарыхы программасында бир топ иштер жасалган. Бирок муну изилденип бүткөн деп кабыл албаш керек, менимче, биз айсбергдин суунун үстүндөгү бөлүгүн гана ачтык. Кыргыздын аймагында 40 миңге жакын адам репрессия болгон. Ушул эгемендүүлүк жылдарында 40 миң адамдын баарын эскерүү китебин чыгарабыз деген жакшы иш-аракеттер башталган, тилекке каршы, бул иш аягына чыкпай калды", - дейт Садык Смадияров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: