Сооронбай Жээнбеков парламентти таратууга негиз жок экенин билдирди
Президенттик шайлоодон утуп чыккан Сооронбай Жээнбеков парламентти таратууга негиз жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-ноябрда РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
“Парламентти таратуу боюнча азырынча саясий кризистин белгилери жок. Жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн маанилүү негиз болушу керек”, - деди ал.
Мындан тышкары Жээнбеков Орусия Кыргыз өлкөсүнүн негизги стратегиялык өнөктөшү бойдон кала турганын белгиледи. “Кыргыз-Орус мамилеси акыркы жылдары жакшы өнүгүп баштады. Биз мындан ары дагы саясий диалог, коопсуздук, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдешибиз керек. Эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга болгон күчүмдү жумшайм”, - дейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-3

