super.kg logo
  Саясат  

Темирбек Асанбеков: "Бир кезде өнөктөш болгон адамдардын ортосундагы жаңжал - Кыргыз саясатынын деңгээлиндеги чоң трагедия"

 

Бүгүн, 8-ноябрда "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков маалымат жыйын өткөрүп, Суу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылуу жасады. Ошондой эле ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов тууралуу да өз оюн айтты.

"Саясатчы өзү баатыр болуш керек. Өмүрбек Текебаевдин да, Өмүрбек Бабановдун да саясатта өз орду бар. Чындап келгенде бул эки инсан жана Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева бир саясий топтун адамдары. Саясий көз караштар маселеге карата өзгөрөт экен. Мурда чогуу өнөктөш болуп жүргөн адамдардын ортосундагы жаңжал - Кыргыз саясатынын деңгээлиндеги чоң трагедия.

Азыркы болуп жаткан жагдай боюнча, Өмүрбек Чиркешовичтин жана Өмүрбек Токтогуловичтин саясий көз караштарына чоң баа берип, алардан бүгүнкү саясат сынып каларына ишенбейм. Андай кыйынчылыкты ар бир саясатчы басып өтөт. Мен Текебаевге да, Бабановго да эрк, кайрат каалайм", - деди Темирбек Асанбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: