Таиландда көңүлдөшү таштап кеткен аял жаңы төрөгөн баласын терезеден ыргытып жиберди






Таиланддын Паттайя шаарынын Нетханок Нокюнгтонг аттуу жашоочусу, 20 жаштагы аял жаңы төрөгөн ымыркайын үйдүн 17-кабатынан ыргытып жиберди. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, ал баласын кореялык Ким аттуу көңүлдөшүнөн төрөгөн. Бирок ал көз жарганга жакын көңүлдөшү өзүнүн үй-бүлөсүнө кетип калган. Буга ачууланган аял баласын терезеден ыргытып жиберген.
Нетханок менен 40 жаштагы Кимдин мамилеси 2 жылга созулган. Аялдын боюна бүтүп калган кезде Ким боюнан алдырууну айткан.
"Нетханок өзү баланы камсыздай албай тургандыгын билгени менен, боюнан алдырууну да каалаган эмес. Бул учурда Ким Кореяда аялы жана балдары бар экенин айтып, үй-бүлөсүнө кетип калган", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Нетханоктун толгоосу мөөнөтүнөн эрте келип, эч кимдин жардамысыз төрөгөн.
"Жуунуучу бөлмөнүн баары кан болуптур. Нетханок өзү нес абалда эне болууга даяр эместигин айтты. Төрөгөндөн көп убакыт өтпөй ал баланы желим баштыкка салып 17-кабаттан ыргытып жиберген. Аны жолдон өтүп бара жаткандар көрүп калып полицияга кабар берген", - деп билдирген жергиликтүү полиция.
Алар белгилегендей, ымыркайдын денеси текшерүү үчүн өлүкканага жеткирилген. Медициналык экспертиза бала дени сак төрөлгөнүн, бийиктиктен түшкөндөгү жаракатынан улам чарчап калганын аныктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(7)
Pandora

08.11.2017. 18:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ойношпой оол
Kalemger

08.11.2017. 18:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына, макулуктан дагы төмөн маңкурттар! Айбан да кылбайт мындайды. Бирөөлөр зарлап балалуу боло албай жатса, бирөөлөр минтип ыргытып атат...
Nanei

08.11.2017. 20:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тайланддын жаман жанылыктарын жазбай эле коцбопсунар да. Озубуздо деле аз эмес шумдук жанылыктар.
Petrovka

08.11.2017. 20:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Астагфиралла,шумдугун кургур дунуйо
ajdaaar

08.11.2017. 21:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар айбандарча да боло албай калышты, мээлери айнып...
toma95

08.11.2017. 22:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланы ыргыткандан корокчо озу ыргып кетсе болмок эшек балада эмне куноо???
toma95

08.11.2017. 23:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо пагода болуп бутмой болдукко ар кандай жанылыктарды окуп атып.
toma95 түзөттү 2017-11-08 23:08:08
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.