super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эжемдин аты Райкан, жеңем аны "жыттуу чөп" дейт". Келиндердин кайын журтун тергешин кандай кабыл аласыз?

 

SUPER.KG сайтынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндердин кайындарын тергеши" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Менин таенем кайнисин кичине бала деп, кайын сиңдисин баланчанын келини деп айтар эле. Кичине кезимде "ушул кантип кичине бала болсун, өзү чал болуп турса", - деп ойлочумун. Кийин түшүндүм".

Кайын журтун тергеп айтуу күйөөсүнө болгон сый болуп саналат. Менин дагы, кайненемдин аты да Динара. Анын көзүнчө бирөө менин атымды сураса, эптеп түшүндүрүп берем. Мисалы, "менин атым апамдын атындай" же алар апамдын атын билбесе, "Акулова ырчынын атындай" деп".

"Кыргыз эли, кыргыз журтунун ар бир каада-салтын, ар бир жөрөлгөсүн бизге жеткен ыйык мурас катары тутуубуз керек. Анан, албетте, келечек муунга ошол бойдон өткөрүп берүү биздин милдет. Мен дагы келечекте ыймандуу келин болууну каалайм. Кудайым ошого жеткирсин. Кайындарыңды тергеп, башыңдан ак жоолугуңду түшүрбөй, кайнене-кайнатаңдын алдында ийиле жүгүнүп турсаң, бул сенин башкаларды эмес, өмүрлүк жолдошуңду эле сыйлаарыңды далилдегениң".

"Тергеген келин менен тергелген адамдын ортосунан оңою менен сый кетпейт. Сый бар жерде ыйман, тартип, тарбия сыяктуу жакшы нерселер жок болбойт".

"Бир жеңем бар. Кайненесинин аты Шакар, кайнежелериники - Анар, Асал. Аларды дагы айта албай "сладкийлер" деп айтат".

"Эжемдин аты Райкан, жеңем аны "жыттуу чөп" дейт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
08.11.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун экен
08.11.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шадыбек деген кайнагасын тепкич деп тергегенин укканмын.Анар деген эжесин гранат деп.
08.11.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Оштон болом кайын журтумда Оштон болот бирок Бишкекте жашашаш анан кайнилерими " эй бала " деп тергесем неге эй бала атын эле айтта бербейсинби деп тан калышат Бишкектеги тааныштары
08.11.2017. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайын синдимдин аты Клара мен аны тергеп Лолита дейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: