super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-НОЯБРЬ: Дүйнөгө атагы чыккан актёр Ален Делон 82 жашка толду

 

1960-жылдардын башында көгүлтүр экрандарда жарк этип пайда болуп, аз убакыттын ичинде миллиондогон адамдардын сүйүктүү актёруна айланган Ален Делон бүгүн, 8-ноябрда 82 жашка чыкты.

Француз актёру, режиссёр, продюсер жана сценарист Ален Делон 1935-жылы Франциянын Париж шаарында төрөлгөн. Актёр 4 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кеткен. Аскерде кызмат өтөп келген соң 1956-жылы Парижге кайтып келип жумуш издей баштайт. Парижде А.Делон актёрлук курстарда окуп, театрда роль жарата баштайт. Ошол мезгилден тарта актёрго Голливуддан киного тартылуу сунуштары түшө баштайт.

Эмгек жолу

Ален Делон 1957-жылы "Когда вмешивается женщина" тасмасында роль жаратып, актёрлук карьерасын баштаган. Актёрго "На ярком солнце", "Рокко и его братья", "Леопард" кинолорундагы ролдору атактуулук алып келген. "Леопард" тасмасындагы ролу үчүн А. Делон "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлсө, "Наша история" фильминдеги ролу үчүн "Сезар" сыйлыгына ээ болгон.

Жеке жашоосу

Ален Делон 1964-жылы 13-августта 28 жашында 23 жаштагы белгилүү режиссёр жана актриса Франсин Канова менен баш кошкон. Франсин Канова кино дүйнөсүндө Натали Делон деген ат менен белгилүү. Алардын 1964-жылы 30-сентябрда төрөлгөн уулу Энтони Делон дагы актёрлук кесипти тандап алган. 1968-жылы 25-августта түгөйлөр ажырашып кеткен.

Ал эми кийинки жубайы, актриса Мирей Дарк менен Ален Делон 15 жыл бирге жашаган. Мирей Дарк жол кырсыгына кабылат. Бул учурда актёр чыгармачылыгын таштап, М.Дарк сакайып кеткенге чейин анын жанында болгон. Бирок актриса жакшы болгон соң А.Делон аны таштап кеткен.

1987-жылы А.Делон Розали Ван Бремен аттуу аял менен таанышып, экөө жарандык никеде жашаган. 2002-жылы Ален жана Розали ортосундагы сүйүү мамилесине чекит коюшкан. Бүгүнкү күндө актёр жалгыз жашайт.

8-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
08.11.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым,белгилуу ырчылар неге эле турмуш жанырта беришет?
08.11.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анткени алар эшектин токумуна окшош болушат
08.11.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kychan.98,)) кой антбе, омур бою чогуу жашагандар деле бар.
08.11.2017. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pandora, алигиси турбай калган болсо таштап кеттида
09.11.2017. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Августта үйлөнүп сентябрда балалуу болушуптур убакытты текке кетирбей.Өтө эле сулуу болгон экен да жашында сулуу балдар турмушка анча терең карай беришпейт сыяктуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: