super.kg logo

Тышкы иштер министрлиги: "Самудинов менен Молдокадырова АКШда кармалды деген маалымат такталууда" (толукталды)

 

Тышкы иштер министрлиги жарандык активист Ренат Самудинов менен анын жубайы журналист Элнура Молдокадырованын АКШга мыйзамсыз барган жеринен кармалды деген маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Айрым маалымат каражаттары Самудинов менен Молдокадырова 19-октябрда Мексика аркылуу АКШга кирүүгө аракет кылышканын бүгүн жазып чыгышты. Анда эки жарандын Америкага кирүү үчүн визасы жок болгондуктан, чек арачылар тарабынан кармалганы жазылган. Ошондой эле алардын саясий башпаанек сураганы айтылууда.

Учурда экөөнүн тең телефондору өчүк. Социалдык тармактагы баракчаларында 18-октябрдан тарта пост жазылган эмес.

Маалымат үчүн: Ренат Самудинов буга чейин КСДПнын жаштар канатынын жетекчиси катары таанылган. Самудинов президенттик шайлоого партиядан бир эле талапкердин аттанышына каршылыгын көрсөткөн. Анда партия Самудиновду катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Буга анын ички тартипти бузуп, эч кандай ыйгарым укугу жок эле партиянын атынан билдирүү жасаганы себеп болгону жарыяланган.

Ал эми анын жубайы Элнура Молдокадырова КТРК каналында кабарчы болуп иштеп турганда эшек этинин чуусу боюнча материалы менен коомчулукка таанылган. Самудинов партиядан четтетилгенден кийин Молдокадырова жумушунда тоскоолдуктар болуп жатканын айтып, иштен кеткен. Бирок каналдын башкы директору Илим Карыпбеков эч кандай тоскоолдуктар болбогонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
08.11.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Булар ким?
08.11.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
APCEH,
булар жанылык.
08.11.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
APCEH, жигит СДПКнын жаштар канатынын торагасы экен эле, шайлоо алдындагы СДПКнын жыйынында Жээнбековду колдобой сын айтканы учун СДПКдан чыгарылган... Келинчегине да иштеген жери КТРден кысым болуп жумуштан бошоптур...

Менимче Соке менен бай атанардан кысым болуп Америкага качышкан го бир болсо...

Соке озуно каршы чыккандарды такка отурбай жатып жазалап баштады...

Соке, сен онолбойсун!!!
08.11.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ajdaaar,Рахмат. Сооронбай жакшыдай эле көрүнөт. Кептин баары иниси Асылбекте окшойт.
08.11.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эльнура Молдокадырова КТРКда журналист болчу...
08.11.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jazdyn_tany,Жооп үчүн рахмат.
08.11.2017. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куугунтук башталдыбы
08.11.2017. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соке менен Алмаз чекеден тазалайт экенда ээми дин бузаар Эл бузарларды тазалай берсин бирок Садыр агабызга окшогон патриотторду чыгарып иштетсе жакшы болот эле
09.11.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Американын жарандыгын алыштын амалы да. Буларды тушуном, келечеги бар олкодо жашоону ким каалабасын.
10.11.2017. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aylun,ошо да,кемпайга деле тушунуктуу бул аракеттери,пока Атамбаев иштеп турган учурда тийише коюп качсанар сразу качкын статусун аласынар))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: