super.kg logo

Италиялык Lamborghini компаниясы өзүн-өзү калыбына келтирүүчү унааны көрсөттү

 

Италиялык Lamborghini компаниясы өзүн-өзү калыбына келтирүүчү унаасын көрсөттү. Мындай маалымат компаниянын интернеттеги расмий баракчасына жарыяланды.

Билдирүүдө жазылгандай, Lamborghini компаниясы өзүн-өзү калыбына келтирүүчү, электр энергиясы менен кубатталуучу Terzo Millenio аталышындагы унааны авто сүйүүчүлөргө тартуулаган. Кыргызчага которгондо унаанын аты "үчүнчү миң жылдык" дегенди түшүндүрөт. Бул унаанын эң башкы өзгөчөлүгү болуп, кузовдун өзүн-өзү регенарациялоого жөндөмдүү экендигинде, башкача айтканда, унаа өзүн-өзү калыбына келтиргенге жөндөмдүү кузовго ээ.

Унаа Массачусетс технологиялык институтунда өткөн конференциянын алкагында аудиторияга тартууланды. Бул конференцияда Lamborghini компаниясы 2040-жылы кандай технологияларды колдонуу менен унааларды чыгара турганын көрсөттү.

Долбоор боюнча үчүнчү миң жылдыктын унааларынын бардыгы электр энергиясы менен иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.11.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино го бул жагы...

Бир убакта биз фантастика деп коргон кинолор чындык боло баштадыбы?!!
09.11.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
регенарациялоо - бул кобунчо жандууларга муноздуу касиет го
09.11.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай технодогияны биринчи Япондук автоондуруучулор корсотуп оцдоп таптык дешкен элего.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: