Президент Атамбаев Кыргыз жеринде көз жарган памирлик кыргыз келиндин үй-бүлөсүнө Нарындан үй белек кылды









Президент Алмазбек Атамбаев Памирден көчүрүлүп келген үй-бүлөгө Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагынан 6 бөлмөлүү үй белек кылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Элиза Качкынбаева билдирди.
Анын айтымында, Памирден көчүрүлүп келген Абдыбаит Жээнбековдун келинчеги Жанбүбү Маматзайым кызы 21-октябрда Кыргыз жергесинде көз жарган. Ата-эне ымыркайга өлкө башчысынын ысымын ыйгарып, Алмазбек деген ат койгон. Бүгүн, 8-ноябрда президенттин аппаратынын башчысынын орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы конуштун ачкычын үй-бүлөгө тапшырды.
"Бул үй 1 миллион 180 миң сомго Нарын шаарынан алынды. Президенттин фондусунан үй эмеректери, зарыл буюмдар да алынды. Мындан тышкары президенттин атынан Куланак айылындагы Памирден көчүрүлүп келген кыргыздардын ар бирине 50 миң сомдон акчалай жардам тапшырылды", - дешти мэриядан.
Белгилей кетсек, Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринен көчүрүлүп келген кыргыздар 13-октябрда Нарын облусуна жетип жайгашкан.



Ошентсе да рахмат Ашага
Кыргыз элине "жакшылык" каалаганы учун Казахстан чек арасын жаап, кыргыз эли минрант болуп тентип журот миллиондоп...
1. Алтынды АША га чейин эле сатып келишкен
2. Жүктүн ээси болгон үчүн күнөөлү болмок беле, экипаж күнөөлү. Рулда өзү отурган жок го.
3. Шайлоо ыплас болгонун көргөн жокмун. Далил менен сүйлөсөңүз.
4. Чек ара жөн эле АШАнын сөзү сеөеп болуп каоды. Жылда күз мезгилинде казактар жаап кууратат
Алтын-кумушко келсек, Атамбаев тушунда кай жерде алтын-кумуш табылса эле сатып жатат, Акаев, Бакиевден ашып тушуп...
2-кырсыкка экипаж куноолуу болгону менен, ошол жук чон контрабанда болуп жатпайбы, ал жуктун эээси биздин бийлик болуп жатпайбы олкодогу эн чон ууру-каракчылар...
3-шайлоо тууралуу суйлобой эле койчу, бай атан экооно соз жетпейт, алдынардагы карганы аппак деп тура бересинер.
Бай атаң деп кимди айтып жатасыз, АШАныбы? И кокуй.
Атамбаев да суйунуп бир уй "подарить" этип жибериптир да кетээринде...
шсын!