super.kg logo
  Саясат  

Депутат жоокерлер кызматын өтөгөндөн кийин билим алууда кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтты

 

КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев жоокерлер кызматын өтөгөндөн кийин билим алуу боюнча кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мыйзамда убадаланган жоокерлердин жогорку билим алууга болгон укуктарын коргоо жана аларга жеңилдиктерди кароо зарыл.

“Азыркы учурда жоокерлерибиз кызматын өтөп бүткөндөн кийин кыйынчылыктарга туш болот. Жогорку окуу жайларга тапшырайын десе, ал жакта жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алат. Анын жыйынтыгы бир жылга гана жарактуу. Көп жигиттерибиз жумуш издеп чет өлкөлөргө кетип калууда”, - деди депутат.

“Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: