super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчулар таяк тартыш боюнча Дүйнө кубогунда 6 медаль жеңип алышты

 

Кыргыз спортчулары Венгриянын Дьёр шаарында 6-ноябрда өткөн мас-рестлинг (таяк тартыш) боюнча Дүйнө кубогунун 2-этабына катышып байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Орусия, АКШ, Австрия, Германия, Финляндия, Словакия, Сербия, Польша, Франция, Литва жана Кыргыз Республикасынан 100дөн ашуун спортчулар катышты.

Кыргыз спортчулары мелдеште 6 медалга ээ болушту, алардын ичинен бирөө алтын, үчөө күмүш жана экөө коло медалдар.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Азамат Асанов - күмүш медаль;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Таштанбеков - күмүш медаль;

125 килограммга чейинки салмак ченинде: Сергей Долгалев - күмүш медаль;

85 килограммга чейинки салмак ченинде: Дилдора Рахмонова - коло медаль;

105 килограммга чейинки салмак ченинде: Умар Турдиев - коло медаль.

Алтын медалды Дүйнө кубогунун алкагында өткөрүлгөн жаштар арасындагы мас-рестлинг боюнча Ачык эл аралык мелдеште катышкан Кыргыз спортчу Бекжан Өмүралиев жеңип алды.

 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: