super.kg logo
  Саясат  

Орусияда Кыргыз жарандарынын айдоочулук укугун чектөөчү долбоор Мамдуманын комитетине келип түштү

 

Орусияда Кыргыз жарандарынын улуттук айдоочулук күбөлүк менен автоунаа айдоосуна тыюу салууга багытталган мыйзамдын долбоору Мамлекеттик Думанын тийиштүү комитетине келип түштү. Маалыматка таянсак, документти Мамдуманын Транспорт жана курулуш комитети карайт.

Буга чейин Орусия депутаты Игорь Лебедев президент Алмазбек Атамбаев мурда Улуу Октябрь революциясынын күнү катары белгиленип келген 7-ноябрды Кыргыз жеринде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп өзгөртүп жарлык чыгарганын, бул Орусияга каршы аракет экенин айтып чыккан. Депутат бул үчүн Орусияда Кыргыз айдоочуларына берилген жеӊилдикти алып салуу маселесин Мамлекеттик Думада кайра карап чыгууну сунуштаган эле.

Орусиядагы Кыргыз жарандарына Орусиянын гана айдоочулук күбөлүгү менен автоунаа айдоого уруксат берүү демилгеси буга чейин да көтөрүлгөн. Ушул жылдын 1-июнунда Орусияда ишкерлик багытта автоунаа айдоого чет элдик айдоочулук күбөлүктөрдү пайдаланууга тыюу салынган. Ал эми 5-июлда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн колдонууга уруксат берилсин деген токтом кабыл алып, президенти Владимир Путинге кайрылуу жиберген. Муну Орусия депутаттары "Кыргыз жеринде орус тилине артыкчылык берилгени үчүн" деп түшүндүрүшкөн. Сунушту Орусия президенти колдоого алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: