super.kg logo

Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында ооруп калып дарыгерлер чакыртылганы айтылды

 

Депутат Канат Исаевдин бүгүн, 9-ноябрдагы соттук ишин кароо башка күнгө жылдырылды. Буга анын УКМКнын тергөө абагында ооруп калып, сотко келбей калганы себеп болду. Анын жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, айыпталуучу 8-ноябрда ооруп, "Тез жардам" кызматы чакыртылган.

"Ал ооруп калып кечээ эки ирет тергөө абагына кирип чыккам. Дарыгерлер чакыртылып жардам көрсөтүштү. Ошондуктан башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирем", - деди Слесарев. Бирок кайсы жери ооруп жатканын ачыктаган жок.
Сот тараптардын макулдугу менен ишти кароону 13-ноябрга жылдырууну чечти.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.11.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалпы Эл жасалма жалаа менен камалганын коруп турат го, кое бергиле эй бийликтин куйруктары!
09.11.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shokoladka94,калп эле олумуш болуп ооруп калат
09.11.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче Канат Исаев Атамбаевдин актеру болуп иштеп берди, Бабановду каралоо учун... Бабановдун оноктошу болумуш болуп, артынан бычак уруп...

Анан калса жон жургондо куландан соо жургондор, камалды дегендеиэле айласыз оорулуу болуп чыга келишет...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: