super.kg logo

Депутаттар "Кумтөр" кениндеги Лысый, Давыдов мөӊгүлөрүнүн абалын көрүп келүүнү сунушташты

 

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Өнүгүү" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров коомдо талкууланып, нааразычылык жаратып жаткан "Суу кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кайрылды. Эл өкүлү маселени терең изилдөө үчүн көчмө жыйын уюштурууну сунуштады.

"Бир жумадан бери коомчулукта өзгөртүү киргизилип жаткан "Суу кодекси" боюнча коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Бул мыйзам 5-чакырылышта 2015-жылы өкмөт тарабынан стратегиялык объектилердин жумушуна таасир этүүчү кандай мөңгү болбосун өкмөт тарабынан уруксат берилет деген мааниде сунушталган. Бешинчи чакырылышта бир топ талаш-тартыштардан кийин мыйзам Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө барып токтогон. Эми буга Жогорку Кеңеш, ошонун ичинде агрардык комитети күнөөлүү болгондой болуп жатат. Үчүнчү окууда редакциялык мүнөздө гана карай алабыз жана Жогорку Кеңештин жыйынында добуш менен гана чечилет", - деди депутат.

Зилалиев мырза айтып жатат "бүгүнкү күндө "Кумтөрдөгү" Лысый менен Давыдов жок, мындайча айтканда, үчтөн экиси мүмкүн андан да көбү жок" деп. Өкмөт ушул так ачык позициясын билдирип, маалымат жыйын уюштуруп айтып койсо. Улан Рысалиев деген өкмөттүн мүчөсү "мөңгүлөрдү жылдырып башка жакка койсок, ошол мөңгүлөр көбүрөөк сакталат" деп каяктагы жомокту айтып жатат. Андан көрө болгонун болгондой айтып, бул коопсуздук, бул экономика деп айтса коомчулук түшүнмөк. Экологдор менен бирге агрардык саясат комитети көчмө жыйын уюштуруп, атайын комиссия барып жеринен көрүп келсек мүмкүн көп суроолорго жооп алабыз", - деди Бакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.11.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизди Улан Ырысалиев алдагандай, Биз эмне жаш бала белек.
09.11.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Этого нам еще не хватало! Мумию та уже похоронили, других участков КР продали, теперь вот осталось расколоть самого Известного и самого нужного ресурса в КР ради денег!
Не скажу думать о народе, но хотя бы думаете о себе, о своих детей, своего же будущего поколения?!!!
09.11.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sofy, саламатсызбы! Кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
09.11.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жинди го акылынан айныган Үлан Рысалиев деген неме.Наоборот мөңгүнү башка жакка жылдырса тез эрип жок болот.Ушулар башы иштебей эле депутат юолуп алышып жинге тийишкенин кара.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: