super.kg logo

Депутаттар саламаттыкты сактоо министринин ишин текшерүүнү сунушташты

 

"Бир жылда 120 жетекчини кызматтан алган саламаттыкты сактоо министри Кудайдын эркесиндей жашап жатат", - деди депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеӊештин 9-ноябрдагы жыйынында.

Депутат аталган министрликте коррупциялашкан систем иштеп жатканын айтып, буга чара көрүү зарыл экенин айтты.

"Бир жылда саламаттыкты сактоо тармагындагы 120 жетекчи жумуштан айдалыптыр. Министр каалаганын жумуштан айдайт, каалаганын ишке алат, каалабаганын "эртең менен келбейсиң" деп коёт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, министрдин Миргүл деген кеӊешчиси баарын каалагандай текшерет экен. Биздин мыкты дарыгерлер айлыктын айынан Орусияда, Казакстанда жүрүшөт. Ошол союз мезгилинен бери такшалган дарыгерлер, профессорлор министрди "бул Кудайдын эрке баласыбы?" деп жатышат", - деди Рыспаев.

Депутат тиешелүү комитеттен жумушчу топ түзүп, бул маселени карап чыгууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.11.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министр врачтарды мындан да каттуу көзөмөлгө алышы керек. Чар жайыт. Бекер медицинабыз акчамды соруп бүтүштү. Жумушка убактысында келбейт, орой мамиле кылышат. Эки жуманын ичинде 6 адамды жумуштан алат элем. Жакшылар көп бирок, арасындагы жамандары жакшыны да жаман көргөзөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: