super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев Кыргыз мигранттары кабылып жаткан көйгөйлөрдү айтты

 

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев мигранттарды түйшөлткөн маселелерди айтты.

"Биздин өкмөт мигранттардын которгон акчасына гана кызыкпай аларга кам көрүшү керек. "Жүк 200гө" деп президент акча бөлгөн. Сырттан каза тапкан жарандын сөөгү бул жакка келгенден кийин маркумдун жакындары Лейлектен, Нарындан болобу атайын маалым кат көтөрүп алып Бишкекке келишет экен. Ошончо убара тартып, 10 миң же 15 миң сом жардам алышат. Алардын акчасы жол киресине, жатаканасына кетип жатат. Ошол акчаны Орусиянын өзүнөн эле консулдук аркылуу бөлүп берип же жергиликтүү айыл өкмөттөр аркылуу деле берсе болсо керек.

Экинчиден, чет жердеги миңдеген жарандар президенттик шайлоодо добуш бере албай калышты. Биометрикалык маалымат тапшырып, "форма 2" алган адамдар да добуш бере албай калып ачууланып турушат. Кийинки шайлоолордо мындай кемчиликтер болбошу керек", - деди Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: