Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү: "Жол кырсыктарынын 87 пайызы айдоочулардын кайдыгер мамилесинен улам болгон"
"Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, катталган жол кырсыктарынын 87 пайызы айдоочулардын кайдыгер мамилесинен улам болгон", - деп бүгүн, 9-ноябрда өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.
Ал билдиргендей, быйылкы жылдын 9 айында республика боюнча 4 460 жол кырсыгы катталган.
"Өткөн жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга өскөн. Жаракат алгандардын саны 5, 8 пайызга жогорулаган. Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жарнактар жарыяланды. Жол кырсыгын алдын алуу иши Сапар Исаковдун жеке көзөмөлүндө", - деди Темирбаев.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир топ депутаттар жол кырсыгынын көбөйүшү тууралуу сөз кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
-1

Корнок-жарнактарна корогон кайран акча, жол кыймылын тартипке салаталбай жатсанар, жарнактардын пайдасы болмок беле?!!
Сапар Исаковунар эрте жаздан бери эле "кыйратат", жыйынтыгы корунбойт!!! Кайран акча силерге корогон, пайдасы жокто