super.kg logo

2 баласы менен көчөдө калган келин: "Боорукер адамдар көп экен, жардам колун сунгандардан телефонум бошобой калды"

 

"Боорукер адамдар көп экен, кечээ интернетке сүрөтүм жарыялангандан бери телефон чалуулардан колум бошобой калды. Түн экендигине карабай үйгө келип, маселемди чечип, жардам бергендер болууда", - деп сөз баштады оор күндөрдү башынан кечирип жаткан 2 балалуу келин Айнура Караева.

Буга чейин анын тагдыры тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу жеке баракчасына жазып, жардам берүүнү каалагандардын саны көбөйгөн эле. Күйөөсү каза болуп, 2 баласы менен жалгыз калган келин курут, тамеки, семичке сатып, турмуш-тиричилигин өткөрүп жаткан. Акыркы күндөрү 10 айлык кызы ооруп калып, жумушу токтоп калгандыгына байланыштуу батирге акчасын төлөй албай калган.

Айнура Караева 36 жашта, Токтогул районунда төрөлүп чоңойгон. Айтымында, эс тарта электе эле апасынан ажырап, өгөй эненин колунда калган.

"Апамды тааныбай калдым, кийин сүрөттөрүн эле көргөм. Атам башка аял алып ал менен жашап жүргөнбүз, кийин өгөй энем да кетип калды. Ошондон кийин эле менин туулгандыгым тууралуу күбөлүгүмдү таппай калдык. Ушул кезге чейин паспортум жок, ошондуктан кыздарымдын да документи жок, жөлөк пул албайбыз", - дейт ал.

Караеванын улуу кызы 4 жашта болсо, кичүүсү 10 айлык. Күйөөсү кичүү кызы 2 айлык боюнда бар кезинде эле каза болуп калган. Бирок алар ага чейин эле чогуу жашабай калышкан.

"Күйөөм алкоголдук ичимдиктерди көп ичип, үйдөн кетип калган. Каза болгонун кийин уктум. Толгоом келгенде төрөтканага барып жалгыз экенимди айттым. Төрөп чыгып, эптеп күн өткөрүп жаткам. Соода кылам. Бир күнү тааныш эже келип 5 миң сомумду карызга алып кетип, дайынсыз жоголду. Ал ортодо кызым ооруп ишке чыкпай, батирдин акчасын төлөй албай калдым. Кожоюндан тартынып, көчөдө кантем деп жүрүп, мечитке кирип кеңеш алууну туура көрдүм. Алар каржы жактан жардам бере албастыгын айтып "мечитке жатсаң жат, бирок ичи суук", - деген жоопту кайтарды", - деген Айнура балдары менен кайда барарын билбей көпкө баш катырган.

Жалгыз бой эне 2 жаш бала менен иштөө күн сууктаган сайын кыйын экенин кошумчалады.

"Кичүү кызымды коляскасына салып алам, андан да 4 жаштагы кызым көп кыйналды. Батир жолдон алыс болгондуктан жолго чыкканга чейин "апа, чарчап кеттим" деп ыйлап алат. Эмне кылам, кара курсактын камын көрбөсөм ач калабыз. Буга чейин колумду сурагандар болгону менен, кайра жаңылып каламбы деп эч ким менен мамиле түзбөйм, турмушка чыккандан чочулайм. Бирок жакшы адамдар көп экенине кечээ ынандым, мен жол киреге берилген акчаны алып үйгө келгенче бир топ телефон чалуулар болуптур. Баары эле жардам берүүнү сунуштап жатышты. Интернетке жарыяланганымды билген эмесмин, эмне болуп жатат деп түшүнгөн жокмун. Түнү кайрымдуу адамдар батир маселесин чечип берди. Бүгүн жылыткыч, азык-түлүк алып келгендер болуп жатат", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(29)
09.11.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Рахмат боорукер адамдарга.
09.11.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Аллах ыраазы болсун сиздерге жардам бергендер, эки дуйно уй булонуздор менен бактылуу жашаныздар, тапкан байлыныздарга Аллах берекесин берсин.
09.11.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бир сом берсен уч сом болуп кайтат. Довгань дегендин [moderated]дан ушул тема тууралуу айтканын корсонор. Рокфеллер дегендин дагы кенешин таап уксанар кайрымдуулук жонундо.
09.11.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аллах ыразы болсун окуп алып ыйлагым келди.Омурунуздор уйкун
09.11.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Омурунуздор узуун ден соолукта болунуздар бул кундорда отуп кетет
09.11.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Элден айланса болот!
09.11.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Боорукер жардам берген адамдарга Алла мин эсе кайтарсын. Жамандык корбогуло
09.11.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Рахмат боорукер адамдарга Аллахым ыраазы болсун
09.11.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Негизи биз кыргыз калкы алты миллионбуз.ар күнү ар бирибиз бир сомдон чёрный касса ойносок алты миллион болот экен.үй алабыз керек жарагыбызга керектетебиз.өзүбүздү өзүбүз ошентип өбөк болсокбуу дейм кыргыз калкым.эми буул менин жеке ойум.
09.11.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Samina007,туура айтасын бирок ал
акчаны жыйнасаң эле биздин жеп
жутар азаматтар чондорубуз
ошого да налигин төлөйт деп бир мыйзам
иштеп чыгат
ушул келинге ким жардам берген
болсо Алла раазы болсун.
09.11.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Saminкa007,Анын туура кунуно 1сомдон жыйнасак 6000000 болот 5000000 очерет тийип калса не болот анда
10.11.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samina007,Ал учун бир интернетке сайт ачышыбыз керек да, кандай кылып ачсак болот? Ушунайларга кешеш берген адамдар болсо жардам берет элек да.
09.11.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллага шугур ушундай кайрымдуу адамдарга
09.11.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чындыгында биздин эл оор кундо кол сунат эч качан ара жолго таштабайт жардам бергендерге жараткан ыраазы босун.
beknur95 түзөттү 2017-11-09 14:27:31
09.11.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жетим-жесирге жардам берген, пайгамбарыбыз менен бейиште чогуу болот экен!
09.11.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах ыраазы болсун жардам бергендерден..
09.11.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах ыраазы болсун жардам берген адамдарга.
09.11.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эненин озуно сабыр. каниет берсин аллах раазы болсун. Жардам колун сунгандарга да аллах раазы болсун.
09.11.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах ыраазы болсун
09.11.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жардам Берген адамдарга рахмат боорукер элибиз бар шугур
09.11.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мечиттегилер кичине туура эмес иш кылыптыр
09.11.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйлагым келип кетти...жардам колун сунгандарга Аллах эки эсе кайтарган болсун.
09.11.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жардам бергенден Алла ыраазы болсун!!!номерин билгендер болсо +79233339812номериндеги ватсапка жазып койгула сураныч.мен Россия жериндемин званок кылып колуман келишинче жардам берсем дейм.
09.11.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай ыраазы болсун,ушул кайрымдуу инсандарга!!!
09.11.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аллахым ыраазы болсун жардам берген адамдарга, бул дуйнодо жетимдердин коз жашы жерге тамбасын
09.11.2017. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мечитте эмне жардам бергидей мечитте отуруп иштейби? Ал жер Аллахтын уйу. Намаз окулуучу жай. Имам озу бала чакасы бар дегендей.Акча таап отургудай имам эмесда.Тим эле мечитти жамандашат.
09.11.2017. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керек болсо мына жардам берип уйуно барып аткандар ошол намаз окуган мечитке барган адамдар билсе.
09.11.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
номери болсо бергилечи туугандар ушу эженин
10.11.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефон номери бар бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: