super.kg logo

Депутат Каныбек Иманалиев мамлекеттик мекемелер мигранттарга кыйынчылык жаратып жатканын айтты

 

Бүгүн, 9-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев мамлекеттик мекемелер мигранттарды өгөйлөп, аларга кыйынчылык жаратып жатканын билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, кыйынчылыкка кабылып жаткандардын көбү Орусияда көп жыл жашагандар же жарандык алгандар.

"Мигранттар пенсия, жөлөк пул алууга маалым кат алыш үчүн Кыргыз тарапка кат жиберүүсү керек. Биздикилер үч жылдап жооп бербейт экен. Аларга ар бир күн кымбат. Айрыкча мамлекеттик архив агенттиги. Ата-энеси башка жакка кетип, баласы мектепти бүтүп паспорт алайын десе паспорт берилбейт. Балдар Орусиядан окуу жайын бүтүп, бирдиктүү экзамен тапшырат. Өлкөнүн жогорку окуу жайлары бюджетке да, контрактка да кабыл албайт. Өзүбүздүн Кыргыз мигранттарынын балдарын жогорку окуу жайлар кабыл албай жатат. Аларга кошумча кыргыз тилинен же кыргыз тарыхынан экзамен киргизип койсо болот", - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
09.11.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыздардын Орусияда Кыргызстандын айдоочулук куболугу менен журуусуно тыюу салчу мыйзам долбоору даяр болуптур. Алар эми биротоло запрет койгону жатышат. Ушул тирешүүну пайда кылгандардын атасына наалат. Канча мигрант жумушсуз калат. Үй-бүлөну кантип багабыз. ???
09.11.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гражданин Р.Ф.кыргыздарга кыйын эле болду.Регистрациян кеч калса очойгон штраф(10600 сом),же депорт кылынгандар болуп жатат.Бир тааныш баланы (гр.Р.Ф)КЫРГЫЗДАР депорт кылышып,атасы олгондо билбей Ошко учуп келди эле,откорбой коюшту.Ошол жердеги элдин баары жалдырашса да кайтарып жиберишти Кыргызды Кыргыз жеринен.Айласыз гр.Р.Ф.болуп турмуштун айынан эки анжы кордук коруп журушкон Кыргыздарга законду озгортуп,анчалык катаал эмес,женилдетсе болот го.
09.11.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депорт кылып откопбой койгондорго мин наалат!Ылайым жакшылык корушпосун.
10.11.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazaroff1974,РФ болсо бир ай откон сон 110 сом толоп 6 айга регстрац,жасатып кой ошол болсо депорт болбойт эле го..озубуз туура так болсок болот го..
09.11.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анчалык катаал законду эмнеге чыгарышты экен жепжутаттар Россиянын граждандарына.Себеби Россиядан бизге орустар кыяматта келишпейт,озубуздун кыргыздар эле келет.Алар кыйынчылыктан улам айла жок гр.Р.Ф.алгандар го.Тажик,армян,азер,хохол,беларусь,туркон келбейт.Калгандары виза менен.Озбектер кобуроок келет.Ошого озбектерге каталыраак,а Россияндарга женилирээк,тушунуу менен,штрафтарды азайтып беришсе болбойбу ыя?
09.11.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызбыз го өткөрсө эч нерсе болбойт. Кытайлар кирип эле жүрбөйбу. Биздин чиновниктер өз элин чапканы эле кучу жетет
09.11.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мигрантарга медал тагыш керек ар бирине анткени алар бир гана уй булоосун эмес мамлекетти да багып жатышат,анан чондор ВВП которулуп атат деп мардайып коюшат,эмне "эшек" сатып которуп атасынырбы,ошо КРда ишитери,бизнеси журушуп аткандардарга да мигрантардын чон улушу бар,четен которулган акча токтосун беле мына ошондо кымбат машина, чон уй биякта калып кара курсака кана иштеп калабыз
09.11.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rusi79,Ошону тушунушпойт же тушунгусу келбейт бул жеп жутарлар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: