super.kg logo

О!Store кардарлары үчүн акысыз камсыздандырууну баштап жатат

 

О! мобилдик оператору жалпы Кыргыз өлкөсү боюнча O!Store дүкөндөрүндө смартфондорду камсыздандыруу программасын баштап жатат.

Акысыз камсыздандыруу Huawei маркасынын бардык моделдик катардагы смартфондоруна 12 ай мөөнөткө берилет жана эң кеңири жайылган тобокелдиктерден коргойт. Мисалы, смартфондор электр тармагындагы чыңалуунун кескин чоңоюп кетишинен бузулушу мүмкүн, ошондой эле түзүлүштү кокусунан түшүрүп жиберип, талкалап же үстүнө суу төгүп алышат. Оңдоого кеткен чыгымдардын ордун толуктоого же жаңы иштеген смартфон алууга жалпы Кыргызстандагы О!Store дүкөндөрүнөн берилчү акысыз камсыздандыруу жардам берет, муну менен катар үстүнө эч кандай акча төлөбөйсүз.

О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко бул тууралуу мындай дейт: «Биздин дүкөндөрдө бардык баа категорияларындагы түзүлүштөрдүн көп түрү коюлган. Атап айтсак, популярдуу Huawei маркасынын болгону 6300 сомго эң үнөмдүү Huawei Y3II смартфонунан, 37 миң 990 сомго эң заманбап флагмандык түзүлүшү болгон Huawei P10 смартфонуна чейин таба аласыздар. Эми смартфонду насыяга сатып алуу жана бул үчүн бонустарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү менен катар биздин дүкөндөрдө күтүлбөгөн жагымсыз окуялардан да таптакыр акысыз камсыздандырылса болот».

Акысыз камсыздандырууну көрсөтүүнүн шарттары :

- түзүлүштүн механикалык бузуктугу;
- суюктуктун таасири;
- электр тогунун таасири.

Толук маалымат эскерткичте берилген.

O!Store дүкөндөрүнөн Huawei смартфонун сатып алгыла жана 12 айга таптакыр акысыз камсыздандыруу күбөлүгүнө ээ болгула!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
09.11.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоготуп алсачы?
09.11.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islamik,
Саламатсызбы. Бардык эрежелер менен бул эскерткичтен окуй аласыз: https://ostore.kg/about/strakhovanie-smartfonov-huawei/Страхование смартфонов Huawei.pdf

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
09.11.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына ушундай иштеш керек, О! мобилдик оператор кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалайм!
09.11.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
basyz-kaman,
Саламатсызбы, урматтуу basyz-kaman! Биздин компанияга айтылган жылуу сөздөрүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин тилектеш сезимдерди алуу бизди абдан кубандырат!:)

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
09.11.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Okgmobile, Рахмат!
09.11.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул О!биржа кызыккан жокмун,балким биз жактан жакшы тартканда алар белем деген ой Келли мага,бизде о!жакшы тартбайт мегаком менен эле Билайн жакшы тартат билайнда айныды Билайн которчумун дайыма Эми аны которгум келбей калды.
10.11.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli.91,
Саламатсызбы! Кызмат көрсөтүүдө кетип жаткан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн түзүлүштөгү номерди жана так даректи Фейсбук же Инстаграмга жеке билдирүүнү же төмөнкү номерлерибизге жазууну өтүнөбүз.
WhatsApp – + 996 705 070 700
Viber – Мобильный оператор О!
Telegram – @Nurtelecom_bot
Электрондук дарек: pr@nurtelecom.kg

09.11.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбойт! О!Store'дан смартфон алам деп барып, кардарларды тейлегенин көрүп эле түңүлгөм. "Төө десе, холодильник" дешет. Баалары да кымбат. Рассрочкага алайын десем, бири 20%, башкасы 35% деп башты айлантышкан. Жакшысы, "Мой телефондон" алгыла.
09.11.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы саамалык экен бирок интернет начар болуп жатат урматтуулар
10.11.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maks94.kb,
Кутмандуу күнүңүз менен. Кайда жайгашкандыгыңызды жана жабдуудагы номерди бизге жеке жазып койууңузду суранабыз.
Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Терең урматтоо менен,
О! мобилдик оператору
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: