super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Оштогу балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы 180 бейтапка ылайыкталган, бирок 220 адам дарыланууда"

 

Ош шаардык клиникалык ооруканасына караштуу Балдардын жугуштуу оорулар стационарында учурда сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйүп жатат. Оорукана 180 бейтапка ылайыкталган, бирок 220 адам дарыланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 9-ноябрда аталган стационардын жетекчиси Кайрат Абжалов билдирди.

"Жугуштуу ооруга чалдыккан балдарды дарылаган стационар түштүк аймагында жалгыз ушул эле. Бизге Жалал-Абад, Баткен, Ош облусунун тургундары кайрылышат. Ага байланыштуу сасык тумоо жүрүп жаткан учурда бейтаптарга орун жетишпей калат. Мындай абалда кошумча орун даярдаганга чейин коридорго бир нече саатка орун даярдап жаткырууга аргасыз болобуз. Учурда да сасык тумоого чалдыккандар көп болууда. Бизде 180 бейтапты дарылоого орун бар, бирок 220-230 бейтап дарыланууда. Бейтаптарга орун жетпей маселе жаралганы чын, андай фактылар бар. Бирок тазалыкты сактоо жаатында эч качан маселе жаралган эмес, буга бизде өзгөчө көңүл бурулат. Дары-дармектер да жетиштүү, дарыгерлер бейтаптарды жакшы тейлөөгө бар күчтөрүн жумшашууда", - деди Кайрат Абжалов.

Айта кетсек, буга чейин "Элдик кабарга" окурман кайрылып, Оштогу балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында орундар жетишпей, ооруп барган балдарды коридорго жаткырып жатканын кабарлашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.11.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абаддагы торотканада 3-4 эсе коп аял жатат го....
09.11.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул оорукананын карап тейлегени жакшы бирок шарты ото начар абалда. Менда балам ушуп уйдон печка алдырып жатканбыз мартта. Кайда барба мамайдын гору бала ооруса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: