super.kg logo

Дарыгерлер "негизсиз жумуштан айдалдык" деп министрге нааразычылык билдиришти

 

Бүгүн, 9-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин жумуштан айдалган кызматкерлери маалымат жыйын өткөрүштү. Алар жумуштан кетирүү чечими негизсиз деген пикирин айтышып, коомчулукка кайрылуу жасашты.

Дарыгерлердин бири Жыргал Касымалиеванын айтымында, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев аны эч бир далили жок жумуштан кетирген.

"Биздин негизги максат министрликте болуп жаткан окуяларды коомчулукка жеткирүү. Мисалы, мен негизсиз жумуштан айдалдым. Себебин сурасам "мен министрмин, кетесиң дедимби, демек, кетесиң. Ишиңден кынтык таппасам, демек, башка жагыңдан кемчилик таптым" деп айтты. Чынында таң калдым. Эмне "чоң" адам болсо эле өз билгенин кылса боло береби? Мен министрдин мыйзам чегинде иш алып баруусун талап кылам", - деди ал.

Кесиптешинин сөзүн Бурул Алмазбекова да коштоду. "Биздин министр Түркияда 20 жылдан ашуун иштеп келгени менен, Кыргыз жеринде бир да кенедей клиниканы башкарган эмес. Андыктан бул жактагы негизги көйгөйлөрдү да билбейт. Анын "жогору жакта" ишенген адамдары болгондуктан мыйзамды таптакыр сыйлабайт", - деди ал.

Ал эми башкы дарыгер Светлана Мамутованын билдиришинче, аталган дарыгерлерди жумуштан алуу бир түндүн ичинде ойлонуп табылган нерсе. "Менин дарыгерлик тажрыйбам - 45 жыл. Медицина тармагында ушунча жыл иштегенимди сыйлап, жок дегенде 1 ай мурун жумуштан кетеримди айтып коюшса болмок. Бир түндүн ичинде эле чечим чыгара салышты. Жумуштан кетирүү чынында капа кылбай койбойт. Министр өзү "пенсия курагындагыларды жумуштан алдым" деп маалымат таратыптыр. Мейли, иштебей эле коёлу. Болгону бир аз эртерээк айтышканы дурус чечим болмок", - дейт Мамутова.

Эске салсак, 2-ноябрь күнү 6 дарыгер саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин буйругу менен жумуштан четтетилишкен. Министр бул окуя боюнча пенсия курагындагыларды жумуштан алганын, жаштарга орун бошотуу керектигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
09.11.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Минитстрдин тааныш,туугандарына ошол места керек болуп калгандыр да,силердин ордунарга очойтуп акча алат да анан башка бироону киргизип коет
09.11.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Туура булар канча адамды сыздаткан карышкырлар кетсин жаштар келсин
09.11.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Пенсиядагылар кетсин ордуна жаштар иштесин пенсия да алат айлык дагы алат а жаштар иш таппай журушот.
09.11.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tuura ele kildi jumushtan alip.
09.11.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Министр озу жаш бекен?Озу местасын жаштарга берип башкаларга пример кылып эми биз кетелик жаштарга орун бошотолук десе жакшы болмок.Озу калып жаштарга акча берсенер орун бар деп туугандарына ушундай министр болуп турганымда шанс бар места даяр дептирда!Министр эмне десем ошол дептир кыйраткансып Президентмин колунардан келгенин кылгыла менин мураскерим президент аты эле болбосом озум башкарам дегендей эле болуптурда.
Azatbek83 түзөттү 2017-11-09 13:24:23
09.11.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура кылат.Креслого жабышып албай жаштарга орун беришсин да.Эмне кереги бар чычалап?
10.11.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура эле да. пенсия жашына жеткен сон кетип жаштарга орун бошотпосо жаш кадрларга кайдагы жумуш орду болот.Не бир аз мурунураак айтып койсо иштен суйунуп журуп кетишмек бекен беле.баарибир ушинтип нараазычылыктары чыкмак.Булар просто кыныр иштерин жаап алганга улгурбой калышкан болушу мумкун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: