super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жанар Акаев: "Өкмөт жол курган компаниялар менен дос болбошу керек"

 

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Автоунаа жолдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланууда. Анда депутат Жанар Акаев жолдордун сапаты начар болуп жатканын айтты. Акаев Транспорт жана жолдор министрлиги жолдордун сапаты боюнча чечкиндүү чараларды көрбөй жатканын билдирди.

"Жолдордун сапаты боюнча жоопкерчиликти дагы күчөтүшүбүз керек. Анткени жол курууга миллиондогон акчалар бөлүнгөн. Жолдорду алар арзан ыкма менен куруп, анын зыянын эл тартып жатат. Алар камалышы керек. Радикалдуу кадамдарга барбасак бул мыйзамды кабыл алган күндө деле бул тартип улана бериши мүмкүн. Ошол куруучулардын уруксат кагаздарын кайра тартып ала турган тартипти киргизишибиз керек. Өкмөт жол курган компаниялар менен дос болбошу керек. Транспорт министри "Чайна Роуд" кытайлык компаниянын унаасы менен жүрөт. Мындай белек алган министр кантип аларга катуу сөз айта алмак эле?" - деди Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: