super.kg logo

Депутат өкмөттүн өкүлүнө: "Сиз парламентте отурасыз, атаңыздын төрүндө отурган жоксуз"

 

"Сиз парламентте отурасыз, атаңыздын төрүндө отурган жоксуз", - деп бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеевге кайрылды.

“Кыргыз бажы тарифтери жөнүндө” мыйзамындагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга багытталган мыйзам долбоору талкууланып жатканда Аликеев депутаттардан сөз талашып, алтын кендер боюнча маалыматы жок экенин билдирген.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев Аликеевдин жоопкерчилигин кароону сунуштады. "Өзүнүн үйүнүн төрүндө жатып алып сүйлөгөндөй болуп жатат. Урматтуу Жогорку Кеңештин төрагасы, мындай чиновниктердин жоопкерчилигин карап чыгуу керек", - деп Жээнчороев спикер Дастан Жумабековго кайрылды.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары бул кызматка жаңы келгенин айтты.

Дастан Жумабеков кызматка жаңы келди деген мыйзамда жок экенин белгиледи. "Мындай чиновниктердин жоопкерчилигин караш керек. Бул кызматка жаңы келди деген мыйзамда жок. Мен өкмөт башчыга бул боюнча тапшырма берем. Анын аткарылышын көзөмөлдөйм. Мындан кийин даярдыгы жок жыйынга келген өкмөт өкүлдөрү залдан чыгарылат", - деди Жумабеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
09.11.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
чык эшикке 2й сезон
09.11.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодец чара коруш кк урматтуу торага
09.11.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кочодо журуп эле министрликке барып калган окшойт. Дароо эле ео чык эшикке деш керек мындайларды
09.11.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат Мирлан
09.11.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир ырыстуу кадр жок бийликте. Бут ашмалтайы чыккан кат сабатсыз, маданияттан аркан бою алыс кургурлар топтолду го.
10.11.2017. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх ушу чондордун акыйнегинен жададым,уят намыс кылабыз ушу чондордон,баары ыдырабай биригип ынтымактуу болушса кана?оздору 120 болсо элди эмес даже оздорун башкаралбайт,элдин койгойлорун чечишбей оздору менен оздору убара,эркек баштары менен отуруп алышып акыйнек айтышат,ушул депутаттардан жакшы нерсе умут этсек болобу?бир маселени чечилбей эле биринин артын бири чукуйт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: