super.kg logo

Бишкекте азык-түлүк, кийим жана аксессуарлардын эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды (фото)

 
Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Амангелди Давлеталиев жана Кыргыз Республикасындагы Кореянын элчиси Жонг Бенг Ху

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда эл аралык көргөзмө-жарманке ачылып, анда Кыргыз, Түштүк Корея жана Монголиянын ишкерлери өндүргөн товарларын көрсөтүштү.

Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти Амангелди Давлеталиев жана Түштүк Кореянын Кыргыздагы элчиси Жонг Бенг Ху катышты.

Соода-өнөр жай палатасынын башкы адиси Айдай Султанбекова: "Быйыл биз "Бишкек-2017" аттуу 25-универсалдуу эл аралык жарманкени өткөрүп жатабыз. Бул жерде ар түрдүү товарлар көрсөтүлгөн, алардын ичинде азык-түлүктөр, турмуш-тиричилик техникасы жана өнөр жай товарлары. Ушул жылы биз Кореядан келген 11 компаниянын делегациясын тосуп алдык, алар Кыргыз аймагында өзүнүн товарларын өткөрүү жана биргелешкен ишканаларды куруу боюнча иштегени келди", - деди.

Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алымбек Орозбековдун айтымында, бул жарманке Кыргыз ишкерлерине товарларды импорт жана экспорт кылганга жардам берет.

"Бул көргөзмө-жарманке борбор калаанын тургундарына товарларды сатып алууга гана мүмкүнчүлүк бербей, жалпы Кыргыздын ишкерлерине чет элдик базарларга чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Көргөзмөдө ар түрдүү тармактардагы дүйнөлүк тренддер менен таанышып жана чет өлкөдөн келген өнөктөштөр менен келишим түзсө болот. Учурда 25-эл аралык көргөзмөдө Орусия, Монголия, Казакстан жана Түштүк Кореядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү келип өзүнүн өндүргөн товарларын көргөзүүдө", - деди Орозбеков.

Айта кетсек, көргөзмө-жарманке 13-ноябрга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: