Бишкек-Ош жолунда жеңил унаа оор жүк ташуучу унаанын астына кирип кетип 4 адам каза болду
Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагышып 4 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан тастыкташты. Кырсык бүгүн, 9-ноябрда эртең менен Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында катталган. Маалым болгондой, Вольво үлгүсүндөгү унаа Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын астына кирип кеткен.
"Жеңил унаа Мерседес-Бенц унаасына каршылаш чыгып, астына кирип кеткен. Натыйжада бир адам кырсык болгон жерден каза болуп, үч адам ооруканага жеткирилген. Бирок ал үч адам да ооруканада каза болуп калышты. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ОИИБинен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Атамбаевдин Окмоту эшек такалап отурат жол кыймылын тартипке салуу колунан келбей...
Ар кайсы президенттерге сын айтып, кырчангыга окшоп сойконгучо олкодогу проблемаларды чечпейби, айрыкча жол кыймылындагы койгойдорду.....