super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Казакстандын 100 миллион долларлык жардамынан баш тартууну колдоду

 

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңеш Казакстандын 100 миллион долларлык жардамынан баш тартууну колдоду.

"Кыргыз өкмөтү менен Казак өкмөтүнүн ортосунда 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында ЕАЭБге кирүү шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу тууралуу протоколду, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денонсациялоо тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул жардамды алуу жөнүндө макулдашууга 10 жыл болгон. "10 жылдан бери сүйлөшүү болуп биринчи келишимдер түзүлгөн. Келишимге акыркы жолу 2016-жылы кол коюлган. Бул маселе дагы деле чечиле элек. Калыптары өзгөргөн ЕАЭБ алкагында техникалык жардам катары дагы келишимге кол коюлган. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул каражат келген жок. Акыркы Кыргыз-Казак чек арасында абал чыгып кеткенде Казакстандын кээ бир саясатчы, аткаминерлери бизге бербеген жардамды жок кылышты. Бул жардам техникалык, акчалай деп жазылган. Бирок 10 жылдан бери берилбеген жардам эми деле берилбейт", - деп өкмөт билдирген .






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: