super.kg logo

Кубаныч Сатаевдин жеке концертинен фоторепортаж

 
Кубаныч Сатаев
Жылдызбек Турсунбаев
Кубанычбек Ажыбаев
Саламат Садыкова
Кенже Дүйшеева
Кубаныч Сатаевдин бир тууган иниси Таалай
"Кеңеш" тобу
Жубайы Кундуз Авашова менен
Концерттин соңунда

Бүгүн, 9-ноябрда Кыргыздын чыгаан обончу, аткаруучусу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаевдин жеке концерти болуп өттү. Алгач сахнага кымча белдүү бийчи кыздардын коштоосунда "Кыргыз жери" аттуу ыры менен чыккан ырчынын концерти 2 сааттан ашуун убакытка созулуп, алып баруучулук милдетти жаш акын, тамада Жылдызбек Турсунбаев аркалады. Концерт "Ачылыш", "Ак бата", "Аккордеон", "Лирикалуу ырлар" жана "Дуэт ырлар" деп 5 бөлүккө бөлүнүп, ырчы келген күйөрмандарына жандуу үн менен жакшы маанай тартуулай алды. Ошондой эле ырчыны кайненеси Саламат Садыкова, жубайы Кундуз Авашова, ырчылар Кенже Дүйшеева, Кубанычбек Ажыбаев, "Кеңеш" тобу жана башкалар куттуктап, мыкты чыгармаларын элге тартуулап кетишти. Концерттеги эң мыкты номер деп Кубаныч Сатаев менен Саламат Садыкованын аткаруусундагы "Кыргызстаным алгала" чыгармасы жана Сатаевдин бир тууган иниси Таалайдын аткарган "Кыздар, ай" ыры болду.

Ошондой эле Кубаныч Сатаев концертте атасынын буга чейин элге ырдала элек 3 жаңы ырын тапканын айтып, анын бирөөсүн элге тартуулады.

"Жакында бир байке байланышып, "сенин атаңдын ырдаган видеосу бар. Эгер керек десең менден көчүрүп ал" деп айтып калды. Дароо барып андагы видеону көрсөм, атам бир үйдө аккордеондун коштоосунда 3 ыр аткарыптыр. Менимче, ажалы жакындап калганын сезип, ырдалбай калбасын деп аткарган окшойт. Ал кезде телефон жок, камералар жаңыдан чыга баштаган. Мындан улам дал ошол учурда видеокамера болуп калганына абдан ыраазы болдум", - деген ырчы алардын бирөөсүн жубайы менен бирге аткарды.

"Кыргызстаным алгала" деп аталган Кубаныч Сатаевдин концертине келгендердин басымдуу бөлүгүн орто муундун өкүлдөрү түзүп, эл залдын 70 пайызын ээледи.

Концерт тууралуу видеорепортажды жакында SUPER.KG порталынын "СУПЕР ТВ" бөлүмүнөн көрө аласыздар.






Кубаныч Сатаев концертинде көзүнө жаш алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
10.11.2017. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат атанар алп ырчы болгон ушул кунго чейин аты очпой бааланып келет саламаттын куйоо баласы дегендерге Чубактын уулумун дегин!!!
10.11.2017. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тош белги деген балакет берилбегени тан калычтуу
10.11.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кушчубак Сатаев деген иниси тууралу жазсаңар, жок болуп кеттиго
10.11.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иниси атасынын коппиясы экен
SUPER.KG видео
10.11.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына чыныгы таланттуу ырчы деп ушуну айтса болот
SUPER.KG видео
10.11.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аялы ырдабай эле койсо сонун болмок...((
SUPER.KG видео
11.11.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле эмнеге төш белги берилбеди,чимкириги аккан,чыканактай болгон ырчылар деле алды го.Аларга караганда бул жигит татыктуу да
SUPER.KG видео
13.11.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Кубаныч, олуп-толуп жакшынакай болуп кетиптир
SUPER.KG видео
20.12.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак олгон жок, ал Кубаныч болуп элиме келди. Элдин патриоттуулугун, духун которуучу Кыргызстаным алгаладай ырлар коп жарала берсин. Саламат Садыкова ушул ырды аткарганы эки эсе жакты. Чыгармачылык ийгилик. Кыргызстаным алгала!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: