super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берген мыйзамды 15-16-ноябрда талкуулайт

 

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча коомдук угуу өтүүдө. Анда "Кумтөр" кенинин тегерегиндеги мөңгүлөрдүн бүгүнкү абалы, аларды талкалоо зарылдыгы боюнча маалыматтар берилип жатат.

Коомдук угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү өкмөт мүчөлөрү, бир катар коомдук активисттер катышууда. Анын жүрүшүндө депутат Айтмамат Назаров 15-16-ноябрда аталган мыйзам долбоору 3-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна коюлмакчы.

Коомдук угууда белгилүү болгондой, эгер мыйзам парламентте колдоо тапса, тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдү талкалап, кен казууга уруксат берүү мүмкүнчүлүгү өкмөткө берилет. Буга чейин бул мыйзам долбоору социалдык түйүндөрдө бир катар нааразычылыктарды жаратып, көптөгөн талкууга себеп болгон. 8-ноябрда мыйзам долбооруна каршы болгон активисттер Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразычылык митингине да чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: