super.kg logo

Бишкекте 12 жана 13 жаштагы окуучу кыздар изделүүдө

 
Тургуналиева Сезим Мыктыбековна.
Мухамед кызы Азиза.

Бишкек шаарынын тургундары, №28-мектептин 2 окуучусуна милиция издөө салууда. 9-ноябрда Бишкек шаарындагы Панфилов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги №28-мектепке кеттик деп үйлөрүнөн чыгып кеткен Тургуналиева Сезим Мыктыбековна жана Мухамед кызы Азиза изделүүдө.

Сезим Тургуналиева 2004-жылы туулган. Ал ошол күнү Бишкек шаарындагы Оренбургская көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен. Белгилери: бою 155-158 сантиметр, толмоч дене мүчөлүү, чачы узун, күрөң түстө. Бутуна агыш түстөгү жылуу макасины, үстүнө кара түстөгү пальто, кара юбка кийип жүргөн. Ошондой эле көгүш түстөгү рюкзак асынган.

Ал эми 2005-жылы туулган Мухамед кызы Азиза дагы ошол эле күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Аламүдүн районундагы Кырман жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Белгилери: 155-160 сантиметр, орто дене мүчөлүү, чачы орточо узундукта, күрөң түстө. Бутунда ботинка, кара түстөгү юбка, үстүнө кочкул көк түстөгү күрмө кийип жүргөн.

Кыздар "28-мектепте бир класста окушат. Алар 9-ноябрь күнү мектепке барышкан эмес. Ошондой эле көргөн-билгендердин айтымында, ошол күнү саат 14:45 чамаларында VEFA соода борборунун кинотеатрына киришкен. Ал эми Биринчи Май РИИБине 9-ноябрь күнү кечки саат 9дарда алардын ата-энесинен арыз келип түшкөн.

Жогоруда изделип жаткан кыздардын жүргөн жери же алар тууралуу көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефон номерлерге байланышып коюуну милиция сурайт:

Сезимдин туугандары: 0 (704) 900 580 (атасы Мыктыбек), 0 (709) 681 019 (эжеси Мээрим)
Азизанын атасы: 0 (772) 669 424.

Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмү: 0 (312) 56 60 43 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
10.11.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аман эсен табылып калсын
10.11.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baisogur, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Темадан алыс билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
10.11.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аман эсен табвлып калсын, откоол курактары экен .
10.11.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ниети бузук адамдардан алыс болуп, ата-энесин кайгыга салып кабатырлантпай аман-эсен табылып калышса экен.
10.11.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Табылып калышсыын Кудайым жамандын бетин ары кыла коор...
10.11.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсен- аман кайтышсын. Бир жерде коркуп отурушса керек ата-энесинен.
10.11.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
28 школа бирок аябай кучтуу школа. Аябай окутушат. Интересно эмне болду экен 2 кызга. Жаштарынан чон корунушот экен экоо тен. Аман эсен табылып калышсын
10.11.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен табылып калышсын.Жаман айтпай,жакшы жок вефа эле дейсинер туркторду жакшылап сурагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: