super.kg logo

Депутат Айтмамат Назаров: "Мөңгүлөр маселесин мен жалгыз чече албайм, бардык 120 депутат чечет"

 

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте мөңгүлөр маселеси боюнча тегерек стол өтүүдө. Анда Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат жана суу ресурстары боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берди.

"Биздин комитет 30-ноябрь күнү бул мыйзам долбоорун 3-окууда карап жактырды. Эгер бул документ депутаттар тарабынан колдоо тапса иштейт. Негизги маңызы мөңгүлөргө карата. Биринчи окууда өкмөт тарабынан сунуш келген. Ага ылайык, эгерде кен казууда башка иштерде мөңгүлөргө тийиш керек болуп калса, кенде көп адамдар иштеп жатса жана стратегиялык маанидеги көп акча берген компания болсо, өкмөт уруксат бериш керек. Биринчи окууда долбоордун концепциясы жактырылган.

Экинчи окууда депутаттар Тиленчиева, Узакбаев, Рыспаевден сунуш келип түшкөн. Бул сунуштарга ылайык, тиешелүү мөңгүлөр такталган. Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө гана тийиштүү болсун жана буга чейин жок болуп кеткен мөңгүлөргө бул мыйзамдын тиешеси жок болсун деген сунуш түшкөн. Мындан тышкары аталган депутаттар мөңгүлөрдүн жок болуп кетишине жол бергендерди бул мыйзам жоопкерчиликтен куткарбайт деп сунушташкан", - деди Назаров.

"Менин бир добушум бар. Социалдык түйүндөрдө буга мени ачык айыптап жатышат. Мен бул жумушту комитет башчысы катары уюштуруп жатам. Чечимди 120 депутат кабыл алат", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(4)
10.11.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул адамды жакшылап таанып эстеп калгыла... Бай атасына, Сокеге ишенип элдин кызыкчылыгына каршы иш алып жатат... Эгер монгулор бузулса, олкодо климат озгорот, кургакчылык каптайт, суу жетишсиз боло баштайт... Ошондон эл канча жабыркаары, дыйкандар тушум ала албашын булар ойлоп да койгон жок... Булар азыр Центеррадан бай атасы экоонун чонтогуно тушчу алтын тенгелерди ойлонуп жатат...

Мындай чыккынчы депутаттар жооп берээр кун келет, жазасыз калып кутуламын деп ойлобогула!!!
10.11.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30 ноябрьда деп журобу значит буларын былтыр эле бышырып буткон калп 2чи окуу 3чи окуу 5чи окууда жактырылды дешет Албетте монгулорду заранее химиялык жол менен ээритишкен да
10.11.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30-октября болуп журбосун,ноябрь эмес
10.11.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эле эмес,120койдун да долясы бар деп эле ачыгын айтпайсынбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: