super.kg logo

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

 

Улан Карагулов.Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты. Ушул кезге чейин аталган кызматта иштеп келген Бактыбек Кудайбергеновдун ордуна Улан Карагулов дайындалды. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы SUPER.KG'ге тастыктады. Анда белгилүү болгондой, аталган буйрукка Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн кол койгон.

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов аталган кызматта 2013-жылдан бери иштеп келген. Ал өз арызынын негизинде кызматтан кеткени маалым болду.

1979-жылы Кемин районунда туулган Улан Карагулов буга чейин Кемин районунун акими кызматын аркалап келген. Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде экономист-финансист адистиги боюнча билим алган. Кемин районунун акими кызматын 2017-жылдын февраль айынан баштап аркалап келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: