super.kg logo

Мектеп директорлору: "Балдардан самын, бор, чүпүрөк алганга акча чогултабыз"

 

Бүгүн, 10-ноябрда Илим күнүнө карата билим берүү тармагынын өкүлдөрү, шаардык мектептердин директорлору жана ата-энелер мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу маселеси боюнча маалымат-жыйын өткөрүшүүдө. Билим берүү тармагында эмгектенгендердин айтымында, соңку учурда мектептерде окуучулардын ата-энелеринен оңдоп-түзөө иштерине деп акча чогулткан учурлар көп катталып, ата-энелердин нааразычылыктарын жаратууда. Мындай билдирүү эл аралык көз карандысыз "Булан" институту мекемеси тарабынан жарыяланган.
Маалыматта, мугалимдер окуучулардан белгилүү өлчөмдөгү каражат талап кылып, аны төлөй албаган ата-энелердин балдарына классташтарынын көзүнчө кыйкырып, басынткан учурлар көп кездешкени айтылат.

Бул боюнча мектеп директорлору өз ойлорун билдиришип, акча чогултуунун себебин мектептерге мамлекет тарабынан жетиштүү жардам көрсөтүлбөй жатканы менен түшүндүрүштү.

"Биз ата-энелер фондуна түшкөн каражаттарды самын, чүпүрөк, бор сыяктуу санитардык буюмдарды алууга жумшайбыз. Ашыкча акча алган жерибиз жок", - дешти.

Ал эми көз карандысыз адистин айтымында, мектептерде акча чогултуунун зыяны жок, болгону ошол каражат эмнеге жумшалганын ата-энелерге түшүндүрүп берүү керек.

"Азыр ата-энелер деле мектептерге жардам берүү керектигин түшүнүп калышты. Сапаттуу билим алуу үчүн ылайыктуу шарт болушу керек. Бирок ошол чогулткан акча эмнеге жумшалганы белгисиз бойдон калбашы шарт. Мисалы, кээ бир мектептер даараткана салууга деп акча чогултушат. Кийинки жылы да ушул эле шылтоо менен акча чогулткандар болот. Бул нерсе ата-энелердин кыжырына тиет. Ата-энелерди чогултуп, каражат эмнеге жумшалары тууралуу кенен маалымат берип, кийин анын жыйынтыгын көрсөткөндө эч кандай түшүнбөстүк жаралбайт болчу", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
10.11.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мисалы бор канча,самын,материал тряпка канча?ашып барса 1 жылга 500 сом кетет 1 аудиторияга. А бир аудиторияда канча класс окуйт?калганы силергеби. Айлыгынар жетпейтабы
10.11.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жылына бир баладан 3000-4000мин сом алышат.3 000 000-4 000 000 сом болот ошонун баарына самын,бор алышабы?министирлик деле каражат болот болуш керек.
10.11.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
TalaCSKA, жылына 3000-4000
болушу мумкун эмес .Же силер берип жатасынарбы , оозум Ошту карады ?
10.11.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ашаны кыйратты деген кошоматчылар окусанар ушундай жанылыктарды да балп этсе эле мактап чыкчуу эленер
10.11.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
fora,Бакиевди жаман иштеген дегендер да окусун.Бакиев президент болуп турганда бор,тряпкага акча чогултуу эмес,тескерисинче окуучуларга бекер тамак бериле баштаган эле.
10.11.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне деген заман болду, башка олколор армиясын жанылап улам жаны куралдарды алууга миллиардарды кетирип атат, а бизде армияны эмес мектептида эптей албай атат.А мугалимдер туулган кунуно чейин окуучулардын эсебинен откоруп калышты.
10.11.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jbolotov,оа алар уже мугалим деген статусун алып койсо тамчы шудурум болуп калышат
10.11.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Isco23,эздиниз го)))
10.11.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Директорлордо беттери такыр калбады.менин айылымда дироктордун баласынан тыйын алып кел дегенин укпайсын
10.11.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
SHERBOLAT,Директор озу алып берсинби анан чонтогунон бардык класстарга аларды?Анын баласы деле эл катары чогултат.
10.11.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1 класстан баштап 5 курсту буткучо акча жадатышты озу жол кирелерине зорго ата энелер акча табып берип атканда
10.11.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айрыкча шаар жериндеги мугалимдер уялбай эле калыпсынар
10.11.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аз калды чыдай тургула жаш президент келет бийликке ошондо баары Жакшы болот. Мектепте 4саат эмес 8саат окуп каласынар. Тамак аш берип, Жакшы окуутууга аракет кылабыз. Келечек бул жаш муун. Балдарды жакшы тарбиялап, жакшы билим бере алсак. Кыргызстан онугот
10.11.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nematovich.90,Ананайын оозуна май!
10.11.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен тушунбодум аны эмне кылышат бор самын чупурокту кудайга шугур бизде андай эмес. Тамакка гана 80сом беребиз. Жарым жетим турмуш шартты оорлорго бекер тамак беребиз
10.11.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
64 школа ото жаман 3 жылдан бери акча толоп тажадым.Ушуну текшерип койушпайбы .Киргенине 3 минден айына 400 дон андан сырткары 300.400.500 ремонт майрамга ала берет. Ушуну тактап койгулачы 400 айына неге алат же тамак бербесе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: