Мөңгүлөргө арналган тегерек столдо өкмөт мүчөлөрү менен активисттер кайым айтышып, иш-чара жаңжал менен жыйынтыкталды




Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берген мыйзам долбоору боюнча тегерек стол жаңжал менен аяктады.
Анын жүрүшүндө кайым айтышуулар орун алган эле. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарып алууга каршы экенин айткан. Мындан улам мөңгүлөрдү талкалоого каршы болгон активисттер кыйкырып башташкан. Алар мындан ары мыйзам артка кайтарылмайын, мөөнөтсүз митинг жарыялап, ачкачылык жарыялоого чейин барарын айтышты. Мындан тышкары активисттер Зилалиевдин "Кумтөр" кенине барып мөңгүлөрдүн абалы менен таанышуу сунушунан да баш тартарын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
9:20
2025-07-16

22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Кандай заманга туш болдук, эл башкарчулар турмодо отурат, турмодо отурушу керек болгондор эл башкарып журот...