super.kg logo

Ошто 10 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды

 

Опузалоо жолу менен пара талап кылган Ош облусу жана Ош шаары боюнча ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматта белгилүү болгондой, аталган кылмыш иши боюнча 9-ноябрь күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Ош облусу жана Ош шаары боюнча Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты Э.А. 10 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

"ИИМдин Ички иликтөө кызматына А.О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 28-октябрь күнү Ош облусу жана Ош шаары боюнча ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкери Ош шаарындагы Ленин жана Нурматов көчөлөрүнүн кесилишинен арыздануучунун башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын токтоткон. Андан соң аны Ош облусу жана Ош шаары боюнча БМЖККБнын мекемесинин короосуна автоунаасын киргизип койгон. Автоунаанын ачкычын, күбөлүгүн алып, опузалоо жолу менен 300 доллар акча каражатын талап кылган", - деп жазылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-берененин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-берененин 1-бөлүмүнө (опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

"Кармалган милициянын кызматкери Кыргыз Республикасынын УКМКБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда бул кылмыш ишин Ош облусу жана Ош шаары боюнча УКМКсы иликтеп жатат", - деп билдиришти ИИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
10.11.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Озу ошол кочодон кобун кармашат. Бир эки жолу алып аа алса боло берет экен деп жакшыле ой мн сураган да байкуш. Жазасын женил кылсын эми жаш экен
10.11.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошентип кустуруш керек алкымы чон адам кейпин кийген чоолорду
10.11.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мунуңар аз алганы үчүн эле кармалды, көбүрөөк алганда кутулуп кетет эле
10.11.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошо кармагандар оздору эле бирге иштешкен. Неге жаап койгон эмес, атайын кылгандары да оздору эле. 10000 сом эмес доллар алып атышат го.
10.11.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир биринен акча алмайда
11.11.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле иштеп жаткандын белгиси кылбай андай 10000сом пара алгандардан кунуно Бир эле жерден 4 5ти кармаса болот. Карапайым кийинип борбордогу бейтапканаларга оорумуш болуп барып корчу. Даана корупция ошол жакта. Акчан жок болсо каридордо жатып калышын да кеп эмес. Акча акча акча... Бул заманда олгонго деле шарт керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: