super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Толгонай Стамалиева дайындалды

 

Толгонай СтамалиеваТолгонай Стамалиева президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тийиштүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кол койду", - деп билдирди аталган кызматтан.

Толгонай Стамалиева 42 жашта. Ал 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы, "Манас" эл аралык ААКсынын сырткы байланыштар бөлүмүнүн башчысы кызматтарында эмгектенген.

2015-жылы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп, 2016-жылдын 15-апрелинде өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Акыркы убакта президенттик шайлоодон утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун штабында анын басма сөз катчысы катары иштеп жаткан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: