Өзгөн районунун Куршаб айылында болгон жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды
Өзгөн районунун Куршаб айылында болгон жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Ош ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 9-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында болгон.
"Жалал-Абад облусунун тургуну 1975-жылы туулган О.И. өзүнүн башкаруусундагы жеңил унаасы менен Ош шаарына бара жатып, Куршаб айылынан жергиликтүү тургунду сүзүп алган. Жабырлануучу ошол жерден жан берген. Ал жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери барышып, маркум 1959-жылы туулган Б.С. аттуу тургун экенин аныкташкан. Жогорудагы факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа айып жайга киргизилди", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Nazaroff1974

11.11.2017. 04:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа,барибир бул кундун планы толуптур.А то эрте менен ойлодум эле че то тынч го бугун деп.Ангыча эле бир адам..анан эле 4 адам...Анан кечинде бир адам..Бу саны бар сапаты жок,и сабаты жок патруль болумуштарды реформалап,бирдиктуу атайын жол транспорт козомолдоо кызматын тузуу керек.Бирок кылдаттык менен тандап.Анан штраф эле эмес,катаал жазаларды колдонуу керек.Профилактикалык негизде тартип,эреже багыттарын окутуу керек.Ошондо кырсыктар азаяр.Ага да болбосо зшек-ат,велосипед,рикшага отуш керек..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.