Жети-Өгүз районундагы митингчилерге Тоң районунун тургундары кошулду
Жети-Өгүз районунда болуп жаткан митингге негизинен Оргочор, Светлая Поляна, Дархан, Саруу, Жеңиш, Ак-Терек айылдарынын тургундары катышууда. Ошондой эле Тоң районунун тургундары дагы келип кошулганын митингдин катышуучусу Темирлан Алдашев билдирди. Айтымында, учурда милиция кызматкерлери менен митингчилердин ортосундагы кагылышуу токтоп, абал турукташа баштады. “Биздин арабыздан кармап кеткен 10 активистти Каракол жана Балыкчыдан алып келе жатышканы белгилүү болду, ошондуктан эл кичине тынчып калды”,- деди Алдашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

