Улан Исраилов жол кырсыктарынын 80 пайызына айдоочулар күнөөлүү экенин айтты
Өлкөдө 2010-жылга салыштырмалуу унаалардын саны эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда жол кырсыктарынын көбөйүүсү боюнча өткөрүлгөн Өкмөттүн жыйынында ички иштер министри Улан Исраилов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, 2010-жылга салыштырмалуу өлкөдө унаалардын саны эки эсеге көбөйгөн.
"2010-жылы өлкөдө 400 миңдей унаа катталган болсо, учурда 1 миллиондон ашык. Учурда Бишкек шаарында эле 417 миң унаа катталган", - деди министр.
Ошондой эле ушул жылда жалпы жол кырсыктары өткөн жылдагыга салыштырмалуу көбөйгөнүн, бирок өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы 12 пайызга кыскарганын айтты.
Андан сырткары ал айдоочулардын жол эрежесин жакшы билбесин айтып, жол кырсыктарынын 80 пайызы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болуп жатканын белгиледи.


Милиция бизди коргойт деп ишенич киргизсин. Азыр мен коргоо күтпөйм.
Кыска-нуска суйлоп,себебин,кантип жоюуу керек экендигин айтпайбы?
Каршы жолго чыгып айдаса, мас абалында айдаса, пешеходту өткөрбөй койсо анда чынында чара колдонуш керек.