Башкы прокуратура баасы 9-14 миң долларлык 46 автоунаа сатып алганы жатат

Башкы прокуратура 36 миллион 750 миң сомго жаңы автоунааларды сатып алат. Бул тууралуу билдирүү Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалым болгондой, тендер эки лотко бөлүнгөн. Биринчи лот боюнча 15 миллион 750 миң сомго 25 автоунаа сатып алуу каралган. Ар бир унаа 630 миң сомго (болжол менен 9 миң доллар) бааланмакчы.
Ал эми экинчи лот боюнча 21 миллион сомго 21 автоунаа сатып алуу пландалууда. Бир унаанын баасы 1 миллион сомду (болжол менен 14 миң доллар) түзмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Тез жардам кызматынын унаалары жыгылайын деп калган, жетишсиз ошол унааларга жумшаса болбойбу дейм да!
Соке бийликке келбей жатып ушунча болсо, коргондон коро элегибиз коп экен....
Эй Чубак ажы, элдин пикирин бир угуп койчу!!! Мына сен колдогон Атамбаев менен Сокенин "куйруктары" эмне кылып жатат, Окмоту эмне кылып жатат?!!
Эл тентип журсо, бийлик кутуруп жатат... Ошондо кайсы арына Сокени колдодун, айтчы жарылып!!!