super.kg logo
  Спорт  

Волейбол боюнча өлкө чемпиондугу - Жогорку Лиганы "Ош Бажы" командасы жеңип алды

 

"Ош Бажы" командасы волейбол боюнча 2017-жылдын Жогорку Лигасын жеңип алды. Бул тууралуу волейбол федерациясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Жогорку Лиганын акыркы туру Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 6-10-ноябрда өткөн. Жалпы мелдештин жүрүшүндө "Ош Бажы" командасы турнирдик жадыбалда лидерликти сактап келген. Финалдык беттеште "Ош Бажы" командасы "Ош" командасы менен кездешип, 3 партияда жеңип алган. Бул жыйынтык менен "Ош Бажы" командасы алтын медалдарды жеңип, кийинки сезондо Улуттук лигада ойногонго мүмкүнчүлүк алды.

"Ош" командасы 2-орунду камсыздап, күмүш медалдарын тагынса, 3-орунду ысык-көлдүк "Жалын" командасы ээлеп коло медалдарды тагынды.

Финалдык оюндардын жыйынтыгы:

3-орун үчүн беттеш:

"Жалын"-"Ош Пирим" 3:2 (партиялар боюнча 23-25; 25-14; 22-25; 25-22; 15-10)

Финал

"Ош Бажы"-"Ош" 3:0 (партиялар боюнча 25-20; 25-18; 25-23)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.11.2017. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку лигадан кийин дагы улуттук лига барбы?Анысында кимдер ойнойт экен интересно
14.11.2017. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,"Erem".Салам Алик.Жаңы-Муун.Дархан ОшТУ.УЛАР.деген командалар ойнойт
13.11.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жениш кут болсун,ананда е улуу урматтуулар ушу оюнга коюлган
акчадан бир телеканалга кичине болуп берип туз алып бергилечи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: