Жээнбековдун БШКдагы өкүлү президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды
Жылдыз Сманбаева Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаев тиешелүү жарлыкка кол койду.
Белгилей кетсек, Жылдыз Сманбаева 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

