super.kg logo

Ветеринардык коопсуздук боюнча инспекция: "Казакстан Кыргыздын сүт, эт азыктарын киргизүү боюнча расмий маалымат берген жок"

 

Казакстан Кыргыздын сүт, эт азыктарын киргизүүгө чектөө койгону боюнча расмий маалымат берген жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 11-ноябрда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, учурда Кыргыз жергесинен барган сүт, эт азыктары Казакстанга эч тоскоолдуксуз эле кирип жатканын маалымдашты.

Ал эми Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жаткан бөгөт коюлду деген ишканалардын үчөөсү Казакстанга продукция ташыбай тургандыгын айтышты инспекциядан.

"Сүт, эт жана кондитердик азыктарын өндүргөн "Ак-Сүт", "РИХА", "Куликовский" жана "Эмилия" ишканаларынын экөөсүнүн, тактап айтканда, "Куликовский" жана "Ак-Сүт" ишканаларынын ЕАЭБге кирген өлкөлөргө товар ташыганга укуктары жок.

"Куликовский" Казакстанга эч качан продукцияларын алып кирген эмес. Ал эми "Ак-Сүт" ишканасына Казакстанга товар алып кирүүгө 2016-жылы эле бөгөт коюлган. "Эмилия" ишканасы учурда Казакстанга эмес, Орусияга товар ташыйт.

Казакстанга "РИХА" ишканасы гана товар алып барат. Акыркы жолу 3-ноябрда 1,8 тонна эт азыктарын алып кириптир. Эч кандай маселе жаралган эмес", - дешти Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан.

Андан сырткары эгер кайсы бир ишканалардын товарлары стандарттарга жооп бербесе, ал чек арадан кайтарылып кемчиликтер жоюлган соң, кайра эле киргизиле берилиши керектигин айтышты.

Эскерте кетсек, Казакстан Кыргыз жергесинен сүт, эт жана кондитердик азыктарды киргизүүгө чектөө койгондугу тууралуу Казакстандын ЖМКлары жазып чыккан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
11.11.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тынч эле болуп жатканда Атамбаев сын айтпай эле койсо болмок. Эл эптеп озунун оокатын кылып жатканда жардам кылуунун ордуна жарга такады. Мындай суйлоонун Назарбаевке сын айтпай койсо деле Казак эли оздору деле коруп билип жатат баарын. Бабанов озу барды ал жакка, Назарбаевтин чакыруусу менен эмес. Эми кетееринде ушул койгойду озун бутуруп кетишин керек.
11.11.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адам карыганда жаш баладай болуп калат го, Назарбаев таарынса Атамбаевге таарынса болмок, карапайым элди кыспай.
11.11.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бабанов начар экен!!! Кыргыз Эли турса! Казактын башчысына барып не жугунот ? Тушунбойм. Кыргыздын Эл башчысынын деле.Ачуусун тушунсо болот. Кыргыздын ишенимин кетирип.
Назарбаев улуу инсан катары, Кыргызга кыянаттык кылганы болбойт!!! Эт,сут азыктарын, жолду жаап. Казак нурданып, жакшы болуп кетпейт. Кыргыз менен Казак Элинин туугандыгы жана ынтымагы ыдырабасын!!! Бироолор от жакпасын! Жараткан Озу сактасын!
11.11.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Паника
13.11.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka1207, jbolotov, kyrgyz.kg83, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: